• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА МИЛИЦИЯНЫН  11 КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА АВТОУНААСЫ ИШТЕП ЖАТАТ

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад жергесинде  милициянын көчмө кабылдамасы — автоунаасы 618 арыздаттанууларды кабыл алды. Бул жөнүндө Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаасы менен милициянын аймактык тескөөчүлөрү, балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен кошо айыл аралашып, элдин көйгөйлөрүн жана арыз-муңун тыңдашып, буга улай ысырапкерчиликти болтурбоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кокустуктардын, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү жараянын активдештиришти.

Ошентип, аталган облустун Жалал-Абад, Кара-Көл ТашКөмүр шаарларынын аймагында, ТогузТоро районунун Арал, КараСуу айылдарында, АлаБука районунун АкТам, АкКоргон жана Аксы районунун КызылТуу Айыл Өкмөттөрүндө  дагы жолугушуу уюштурулуп, ошондой эле айрыкча жаш өспүрүмдөргө агын суулардын, көлмөлөрдүн, суу каналдардын эң кооптуу жерлеринде сууга түшүүгө таптакыр мүмкүн эместиги, бүтүрүү кечелеринде тоо койнунда эс алууга тыюу салынгандыгы дагы баймабай эскертилип жаткан чагы.

Ушул тапта ЖалалАбад облусу боюнча милициянын 11 көчмө кабылдама автоунаасы кадимкидей иштеп жатат. Акыркы беш айдын жыйынтыгында булар аймактарды 440 жолу кыдырышып, 643 атуулду жеке кабыл алышкан. Булардан 618 арыз жана кайрылуулар кабыл алынып, 443 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеп-кеңеш дагы берилип, маселе оң жагына чечилген. Мындан тышкары 134 коопсуздук менен байланышкан арыз каралып, калгандары тиешелүү кызматтарга тапшырылды.

Алишер Токсонбаев, өз  кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс