• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ОшМУда ЖАПОН ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2022

ОШ. ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин «Аймак таануу» адистигинде билим алып жатышкан студенттерге  кошумча  жапон тили  окутулат. Буга байланыштуу билим алуучулардын жапон тилин жетиштүү өздөштүрүп, жапон элинин маданиятын жайылтуу максатында атайын борбор дагы ачылды.

ОшМУнун Жапон борбору Кыргыз-Жапон фондунун каржылоосунда ачылып, ага ректор Кудайберди Кожобеков, профессордук-окутуучулук курам, Жапониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси Окова Сан мырза катышышты. Буга дейре Кыргыз-Жапон фонду эки элдин достук мамилесин чыңдоо жана жаратылышты коргоо максатында Папан жергесинде акация дарагын отургузушкан. Ошондой эле аталган фонд ОшМУнун студенттерине Жапонияда акысыз билим алууга дагы көмөктөшөт.

ОшМУнун Жапон борборунун ачылуу аземинде студенттер жапон тилинде чакан концерттик программаны тартуулашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс