• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

КАРЫЗЫ ҮЧҮН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2022

ОШ. Кара-Суу районунда эркек киши карызы бар жаранды бычактап таштаган. Бул жөнүндө Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, соңку сааттарда Кара-Суу райондук милициясына Кенжекул айылынан Кара-Суу райондук ооруканасына белгисиз жаран каза тапкан абалда жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Ошентип, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда саат 15:30дар чамасында Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын кире беришинде 26 жаштагы С.Ж. менен 36 жаштагы У.А. аттуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болгондугун, андан соң С.Ж. бычак менен У.А. аттуу жаранды денесине бир нече жолу сайып жибергендигин аныктады. Натыйжада У.А. алган жаратынан ооруканага жетпей эле каза тапкан. Тыкыр текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун денесине дагы кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Аталган фактнын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-берененин («Киши өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү С.Ж. дароо кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс