• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

КАЙТПАС АЙЫЛЫНАН ЖЕР АСТЫНДАГЫ ӨТМӨК ТАБЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2022

БАТКЕН. УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында жер астындагы өтмөк (тоннель) табылды.

Аталган өтмөк Өзбекстан Республикасы менен кесилишкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан гана казылган. Болжолдуу түрдө бул өтмөк аткезчилик жолу менен эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана маңзаттарды ташуу максатында гана такай колдонулуп турган.

Аталган үйдүн кожоюну Ош облусунда туулган У.С.И. экендиги акыры аныкталды. Бул өтмөктүн туурасы 1,5 метр, ал эми бийиктиги 2,1 метр, Кыргыз-Өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт. Ушул тапта бардык зарыл ыкчам-тергөө иш-чаралары күчөтүлдү

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс