• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

«ИЛИКТӨӨ МААЛЫМАТЫН БАШКАРУУ» ТРЕНИНГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕТИ АЙМАГЫНЫН ОФИЦЕРЛЕРИН БИРИКТИРДИ

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2022

БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Аймактык коопсуздук кызматкери Эрик Олеруд Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМдин), Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧКнын) жана Башкы прокуратуранын (БПнын) кызматкерлерин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы күрөштө жардам көрсөтүү (АТА) программасынын “Иликтөө маалыматын башкаруу” курсун ийгиликтүү аяктагандыгы менен чын ыкластан куттуктады.

Кыргызстандык 24 офицер он күн бою дасыккан инструкторлор менен чогуу-чараан маалыматтык жана оперативдүү коопсуздукту камсыздоо, укук коргоо органдарынын чалгындоо жана маалыматтын таркатылышын көзөмөлдөө жана ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүштү. Ошондой эле атайын курстун катышуучулары адам укуктарына негизделген коомчулукту кызматташтыкка тартуу жолу, алардын мекемелеринин терроризмге каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө кандай салым кошоорун дагы кеңири талдашты. Мындан тышкары катышуучулар укук коргоо органдарынын чалгындоосунда кибер чалгындоону (социалдык медиа, смартфондор, СМС-алмашуу, электрондук каттар жана глобалдык позициялоо тутумдары (GPS), интеллектуалдык полиция жана маалыматтарды талдоо өңдөнгөн жаңы маселелерди дагы абдан кылдат изилдешти.

         Курстун бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Аймактык коопсуздук кызматкери Эрик Олеруд террордук чабуулдарды алдын алууда укук коргоо органдарынын чалгындоо кызматынын маанилүүлүгү жөнүндө кеңири баян этип, АКШ жетектеген “Ислам Мамлекетине” каршы коалициянын операциясы, ИМдин жогору даражалуу лидери Хани Ахмед алКурди Сириянын Алеппо шаарында колго түшүрүлгөндүгүн билдирип, АКШнын Борбордук командачылыгынын командачысы генерал Эрик Курилланын жакында болгон сапары, ал АКШнын Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана 30 жылдык өнөктөштүгүбүздү кубаттоодо бекем тураарын дагы бир ирет кайталады.

         Семинардын тогуз катышуучусу Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келген кесиптештери менен бирге окуу үчүн өлкөбүздүн алты облусунан Бишкекке чогулушкан. Бул семинардын катышуучуларыАКШдан дагы, Кыргыз Республикасынан келгендери дагы терроризмге каршы күрөштө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууга терең ишеним билдиришти. Тергөө маалыматын башкаруу боюнча тренингдин бул сессиясы — өлкөбүздө  2022-жылдын июлуна чейин пландаштырылган алты курстун бири.

1983-жылы негизделген Мамлекеттик департаменттин антитеррордук жардам (ATA) долбоору АКШ Өкмөтүнүн чет өлкөлүк укук коргоо органдары үчүн терроризмге каршы окутуу жана жабдууларды камсыздоочу эң башкы демөөрчү болуп саналат. АТАнын бардык жардамдары адам укуктарын урматтоого көмөктөшүүчү мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында гана берилет. АТА каржылоо менен саясий өңүттөгү АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы бюросунан алат жана Дипломатиялык коопсуздук кызматы (DSS) тарабынан башкарылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс