ОШ. УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери Өзбекстан менен чектеш аймакта коңшу өлкөнүн жаранын аңдып жүрүп кармашты. Бул шылуун Кыргызстанга мыйзамсыз жол аркылуу бир миллион доллар алып киргенге далбаса жасаган.
Маалыматка караганда, кармалган жигит — Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Пахтаабад районунун тургуну. Аны Кыргыз чек арачылары дыкаат текерищкенде, колунан эки желим кутуча дагы табылды. Анын ичин аңтарганда, бир миллион АКШ доллары чыгып олтурат.
Чек ара эрежесин одоно түрдө бузган Өзбекстан жаранынын үстүнөн кылмыш иши козголду. Дароо тергөө жараяны дагы башталды. Айтмакчы, буга дейре Өзбесктандын күч органдары жалаң мыйзамсыз акча ташыган кылмыштуу топту кармашкан. Алар дагы чек арага жакын жерден кадимкидей өтмөк казып алышкан экен.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөтү автордуку.