• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ӨЗБЕКСТАНДЫ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫРГАН  ЛИФТИСИ БАР ӨТМӨК ТАБЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 27, 2022

ФЕРГАНА. Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Риштанск районунда жолду Кыргызстанга түптүз гана алып барган дагы бир жер астындагы өтмөк (тоннель) табылды.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма съз кызматы тараткан маалыматка караганда, акыркы күндөрдө Риштанск районунун тургуну Т.М.нын үйүнүн түптүз эле Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районуна жеткирген жер астындагы өтмөк табылды. Коңшу мамлекеттин атайын кызматынын жана ички иштер башкармалыгынын биргелешкен атайын операциясынын жүрүшүндө эркек кишинин башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулуп, аны текшеришкенде, жалпы баасы 15 миллиард сумдук IPhone 13 Pro Max, Samsung Galaxy S 22 ultra, RedMi Note 11 маркасындагы тиешелүү документтери жок телефондор табылган. Ошондуктан, анын үйүн тинтишкенде, жер астындагы өтмөк (тоннель) табылды. Мунун туурасы 1-1,5 метр, бийиктиги 2 метр жана жалпы узундугу 130 метрге жакын. Атайын кароо маалында өтмөк жарыктандыруу, видеокөзөмөл менен жабдылганы, полу бетондолуп, чыга беришине а түгүл анда электрондук лифт дагы коюлгандыгы аныкталды.

Жер астындагы өтмөк Кыргызстандан Өзбекстанга товар жана башка материалдык баалуулуктарды ташуу максатында гана колдонулган. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголду. А буга чейин эки өлкөнүн ортосунда вальюта жана башка түрдүү товарлар ташылып турган ушул өңдөнгөн 3 өтмөк (тоннель) табылгандыгы шардана кылынган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

  Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс