• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

СУЗАКТА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Июн 24, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери 15 миң сом пара алып жатышкан маалда кармалышты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, К.А.А. жана Э.А.А. — Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери райондун жашочусун «Сени кылмыш жообуна тартабыз!» деп  коркутуп-үркүтүшүп, анын үстүнөн жасалма арыз материалдарын жасап, муну оң дагы чечип беребиз деп 40 миң сом акча каражатын талап кылышкан. Мунун 25 миң сомун шылуундар мурда эле алышкан экен.

Ошентип, аталган фактынын негизинде  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин пара талап кылуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ал эми кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди. Ушул тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс