• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ИНДИЯ ЖӨНҮНДӨГҮ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ

Автор:ruh_admin

Июн 24, 2022

ОШ. Индиянын Кыргыз Республикасындагы ишенимдүү өкүлү Раджеш Кумар ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

         Тараптар өз ара кызматташуунун маселелерин ар өңүттө кенен-чонон талкуулашты. Индиялык студенттердин окуу шарттары, ITEC алмашуу программасынын жүзөгө ашырылышы дагы көңүл сыртында калган жок. Мындар тышкары биргелешкен билим берүүдөгү эки өлкөнүн студенттеринин жана окутуучуларынын академиялык мобилдүүлүгү жөнүндө дагы кызуу кеп жүрдү.

         Соңунда Индиянын Кыргыз Республикасындагы ишенимдүү өкүлү Раджеш Кумар жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «Индия Кыргыз Республикасында — Индиянын жашоосу жана өнөрү» аталган бул өлкөнүн тарыхы, маданияты жана архитектурасы туурасындагы сүрөт көргөзмөсүнө катышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс