• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

«ДОСТУК» ЧЕК АРА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТИНЕ ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ ОРНОТУЛДУ         

Автор:ruh_admin

Июн 24, 2022

ОШ. Ош облусундагы Кыргыз-Өзбек «Достук» чек ара өткөрүү бекетинин  аймагында коомдук тартипке  видеокөзөмөл аркылуу байкоо жүргүзүлө баштады.

Ошентип, дээрлик 24 саат бою бул видеокөзөмөл аркылуу бардык кыймыл-аракеттер — тартип мындан ары туруктуу көзөмөлгө алынмакчы. Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун милиционерлери жана туристтик взводу, ошондой эле Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери дагы 24 саат бою бул аймакта коомдук тартипти камсыздоо жаатында тыгыз иш алып барышууда.

Аталган «Достук» чек ара бекетине келишкен чет өлкөлүк жарандарга туристтик взводдун кызматкерлери алар түшүнгөн тилде гана сүйлөшүп, а түгүл кызыктырган суроолоруна дагы сөзсүз түрдө жооп кайтарышат. Ошентип, коноктордун толук кандуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында пландуу иш-чаралар абдан дыкаат жүргүзүлүп жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс