• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

АТКЕЗЧИЛИККЕ БӨГӨТ КОЮЛДУ

Автор:ruh_admin

Июн 24, 2022

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы ушул жылдын 22-июнунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары көзөмөл өткөрүү жайынан тышкары жерден чек арадан мыйзамсыз жүк ташуу жана транспорт каражаттарын айдап өтүү аракетине бөгөт коюшкандыгын маалымдады.

Ошентип,        Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Үч-Коргон жерлигинде кызматын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын чек ара кезмети тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан Кыргызстандын мамлекеттик номуру тагылган 4 КАМАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааларды кармашкан. Шектүү унааларды текшерүү маалында үчөө бош болуп, бирине дарбыз, коробкадагы коондор жана 20 каптан ашык күрүч жүктөлгөндүгү аныкталды. Айдоочуда жүктүн документтери болгон эмес.

       Тиешелүү ишкагаздары толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар, автоунаалар жана жүктөр кошумча иликтөө жараянын жүргүзүү максатында компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс