• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

АЛДАМЧЫЛЫК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ӨЗБЕКСТАН ЖАРАНЫ ОШТО КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 24, 2022

ОШ. Ош шаардык милициясы тарабынан мурда эл аралык издөөдө жүргөн коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул туурасында  Ош ШИИБсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен айыпталып, 2021-жылдын 3-сентябрынан тартып эл аралык издөөдө жүргөн Өзбек Республикасынын жараны 1991-жылы туулган М.А. жүргөн жери белгисиз болуп, аны кармоо боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун ыкчам кызматкерлери шектүүнү кармоодо Ош ШИИБнын КИБнун кызматкерлеринен көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Өзбекстанда кылмыш жасап, анан Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөндөгү тууралуу маалымат алынган соң, Ош ШИИБсынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан зарыл болгон бардык ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Натыйжада өз Мекенинде издөөдө жүргөн Өзбекстан жараны 1991-жылы туулган М.А. Ош шаарынын Амир-Тимур кичи шаарчасында кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 527-беренесинин талаптарына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта айыпталуучуну өз Мекенине кайтаруу жаатында тараптардын көзөмөл органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар аткарылып жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс