• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ШАКИР МАМАДАЛИЕВ СОО ЭМЕС!

Автор:ruh_admin

Июн 23, 2022

 Рубрика: Бийликтин баркын кетирген

Кыргыз Республикасынын тарыхында соңку кезде мындай дегеле болгон эмес! Өлкөбүздөгү эң жаш жана дагы абдан мыкты иштеп жаткан аткаминер – Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш Айыл Өкмөтүнүн бошотулган башчысы Шайырбек АРЫНОВ өзүнүн жетекчиси – Өзгөн районунун акими Мурат Раматов менен кадимкидей соттошуп жаткан кербези. Буга улай аталган Айыл Өкмөтүнүн учурдагы башчысы — мурунку Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиев дээринен соо эместигин Өзгөн шаарынын тургундары дагы эми гана ачыкташып, дагы эле канкакшап олтурушат.

 

Халимахан ХАЛМУРЗАЕВА, Өзгөн шаарынын тургуну: — Шакир Мамадалиев Өзгөн шаарынын вице-мэри кезинде ошол маалдагы мэр Мухтар Халматовдун атын кадимкидей сатып, анын наамынан эле көптөгөн маанилүү документтерге мыйзамсыз түрдө кол коюп, жеке пайдасына гана тууралаган. Ошентип, Өзгөн шаарынын эң майлуу-сүттүү жерлерин бүт каалагандай калчап, өз тааныш-тунуштарына энчилеген. Эми бул шылуун район акими Мурат Раматовду дагы каратып туруп алдап, өзүн Жалпак-Таш Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындатып олтурат. Эгерде Өзгөн районунун же Ош облусунун укук коргоо органдары Шакир Мамадалиевдин жосунсуз жоруктарына чукул арада укуктук калыс баа беришпесе, биз ар кандай нааразычылык акцияларын уюштурганга дагы мажбурбуз! Минтпесек, борбордук бийлик, анан дагы президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров Өзгөн шаарынын жашоочуларынын муң-зарын дегеле угушчудай түрү жок!

Жылдызкан ЖОЛДОШЕВА, Өзгөн шаарынын тургуну: — Өзгөн шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасына караштуу аймакта мөмө-жемиш базары бар эле. Мен ошол жерде жана дагы атайын машина токтотуучу жайда акча-жыйым топтогуч элем. Өзүм жалгыз беш жыл бою мамлекеттин казынасына 5 миллион акча төккөнмүн. Кийинчерээк бизди күчкө салып эч ким басып барбаган автовокзалга мажбурлап атып көчүрүштү. А бул жактан жогорудагы көлөмдөгү акча түшпөй калды. Ким утту? Ким зыян тартты, эй? Мындан тышкары бир ирет мен Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевдин кеңсесинде жумуштап олтурсам, «Эми өзбектерди жайлайбыз!» деп ызырынды. Көрсө, ошогезде ишкер Акыл Нурматовдон «Базар үчүн жай жасап берем!» деп акча алган маалы экен.

Токтобай ТӨРӨГЕЛДИЕВ, жарандык активист: — Мен жогорудагы фактыны бир жаңсыл такташтыруу максатында ошогездеги Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевдин кеңсесине ишкер Акылбек Нурматовду ээрчитип  түз эле кирсем, Шакир бизнесменден ишин оң жагына сөзсүз чечип берем деп 30 миң сом алгандыгын эч танган жок! Анткени, 264,0 чарчы метр жер тилкесин ишкер, Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын жашоочусу Акылбек Нурматовго Ошогездеги Өзгөн шаарынын мэри Мухтар Халматов 2019-жылдын 1-ноябрдагы №185-токтомуна ылайык убактылуу пайдаланууга берген. Анан дагы бул буйруктуу аткаруу жагын ошогездеги Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевге тапшырган. Ошентип, аталган жер тилкесинин — жайма базардын ижара мөөнөтү бүтүп калган экен, «Муну дагы сөзсүз узартып, анан жайгарам!» деп абдан катуу убада кылып, тилекке каршы, жигитичилик сөзүнө турган жок! Айласы таптакыр куруганда бизнесмен Акылбек Нурматов Шакир Мамадалиевдин үстүнөн Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө дагы даттанган. Бирок, арыз ээси Акылбек Нурматовду Шакир Мамадалиев каратып туруп дагы баягыл бал тилине салып алдап, ага тосмо арыз жаздырткан  бойдон куйругун түйүп качып жүрөт. Эми ушундай шылуун кантип Өзгөн районундагы эң чоң Айыл Өкмөтүн уялбастан башкарып жатат, эй?

         Бул аралыкта элет эли каршы экендигине карабастан Өзгөн шаарынын вице-мэри Шакир Мамадалиевди Жалпак-Таш Айыл Өкмөтүнүн башчысы кылып олтургузган ошогездеги район акими Мурат Раматов өзү жоблоңдуу окуядан кийин кызматынан дароо кол жууду. Ал эми жаңы дайындалган Өзгөн районунун акими Шабдан АБЫКАЕВ менен байланышканыбызда, «Бардыгы мыйзам чегинде гана чечилиши кажет. Мен мурунку жана азыркы Айыл Өкмөт башчыларынын эч кимисине тартпаймын! Бирок, сот чечимине сөзсүз баш ийем!» деп гана опоңой кутулду. Деги Сиз каякты карап олтурасыз, урматуу президентибиз Садыр Нургожоевич?

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Өзгөн шаары.

СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Халимахан ХАЛМУРЗАЕВА, Өзгөн шаарынын тургуну. 2) Жылдызкан ЖОЛДОШЕВА, Өзгөн шаарынын тургуну. 3) Токтобай ТӨРӨГЕЛДИЕВ, жарандык активист. 4), 5), 6), 7), 8), 9) Өзгөн шаары.

         Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс