• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН КЕРБЕНИ ОРНОТУЛДУ

Автор:ruh_admin

Июн 22, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк баш калаасындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган ири кербен орнотулду.

Ошентип, аталган кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин ого бетер  жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык калаа тургундары жана коноктору абдан арбын келүүчү жайга орнотулду. Ош шаарын бара-бара туристтик чөлкөмгө айлантуу жараянына ылайык кербен Улуу Жибек — Жолунун провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бирине айланат.

Ошентип, аталган инсталляциялар Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоптүзүү, жашылдандыруу жана көктөндүрүү жараяны дагы такай өркүндөтүлөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс