ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында чала таанышынын эки унаасын алып, акчасын бербестан изин сууткан мурдагы укук коргоо кызматкери кармалды. Бул фактыны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, былтыр 17-октябрда «А» аттуу жаран анын ишенимине кирип, «Тайота-Камри» жана «Лексус JX-470» үлгүсүндөгү автоунааларын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткендигин билдирген. Бул фактынын негизинде милиция дароо алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгоп, а түгүл шектүүгө издөө дагы жарыяланган.
Кеңири иликтөө маалында күмөндүү жаран Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну, мурда 3 жолу соттолгон, ушул тапта дагы «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен сот жообуна тартылаар алдында турган, мурдагы милиция кызматкери М.А. экендиги аныкталды.
Ошентип, шектүү Жалал—Абад шаарынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери кызуу улантылууда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.