ОШ. Ушул тапта Кара-Суу районунун Таш-Арык айылынын тургундарын таза суу менен толук кандуу камсыз этүү жараяны активдештирилди.
— Ушул тапта 300 кубдук суу кампасынын курулушу 95 пайызы бүткөрүлүп, буга улай катарынан суу түтүктөрү тартылды, — деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов. — Мен курулуштун жүрүшү менен жеринде кеңири таанышып, буга улай тиешелүү жетекчилерге таза суу тартуу жараянын эртелетүүнү жана дагы сапаттуу бүткөрүүнү гана тапшырдым.
Кара-Суу районунун Таш-Арык айылына таза суу тартуу жумушу 2021-жылы башталган. Ал эми курулуш иштери 2022-жылдын күз айларына чейин бүткөрүлүп, андан ары пайдаланууга ташырылат. Каржылоо республикалык бюджеттен жүрүп, бул максатка 13 миллион 500 миң сом ажыратылган.
Белгилей кетээрибиз: аталган Таш-Арык айылында 430 кожолук бар жана 3 миңге жакын калк жашайт. Жергиликтүү тургундар ушул күнгө дейре Отуз—Адыр каналынан ташып суу ичишет. Аталган долбоор жүзөгө ашса, Таш-Арык айылынын тургундары толугу менен таза суу менен такай камсыз этилет.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөт автордуку.