ЖАЛАЛ-АБАД. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып башкалаабыз Бишкектен Жалал-Абад щааарына аба каттамдары күн сайын аткарылат.
“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, буга дейре борбор калаадан Жалал-Абад калаасына учактар жумасына үч ирет гана каттап келишкен.
Баса, Бишкек — Жалал-Абад авикаттамынын баасы 4000 сомду чапчыйт.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,
Сүрөтү автордуку.