• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

АМЕРИКАЛЫК РЕЖИССЕР КЫРГЫЗ КИНОРЕЖИССЕРЛОРУНА ЧЕБЕРЧИЛИГИН ҮЙРӨТӨТ

Автор:ruh_admin

Июн 22, 2022

БИШКЕК. АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги American Film Showcase программасы менен биргеликте америкалык кинорежиссер-документалист Риза Сандерс-Уирдин «Gadget Girls» даректүү тасмасын Кыргыз көрөрмандарына тартуулап, буга улай бир катар жолугушууларды жана дагы кеңири талкууларды уюштурат.

         Баса, 28 мүнөттүк Gadget Girls даректүү тасмасы жогорку класстын кыздарын илим, технология, инженерия жана математика (STEM) тармагы менен тааныштырган GADgET жайкы лагери тууралуу кеңири баян этет. Даректүү тасмада техникалык илимдерди сүйгөн жана STEM багыты боюнча насаатчылар менен иштешип, өз жөндөмдүүлүгүн ыртаааттуу өнүктүрүшкөн кыздар туурасында кызыктуу баяндалат.

         Сандерс-Уир айым Кыргыз жергесине сапарында ошондой эле даректүү тасма тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында жергиликтүү кинорежиссерлор үчүн семинарларды дагы өткөрөт. Ал тарткан тасмалар MSNBC (АКШ, Канада, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгышта жеткиликтүү америкалык кабелдик телеканалы), PBS (америкалык телеберүү, History, National Geographic, CNBC (бизнес жаңылыктары үчүн америкалык кабелдик жана спутниктик телеканалы), A&E, The Weather Channel жана башка каналдарда байма-бай көрсөтүлгөн. Сандерс-Уирдин жазуучу, продюсер жана даректүү тасмалардын режиссеру сыңары эмгектери Эмми, Гюго жана Телли сыйлыктары менен дагы белгиленген. Ал Чикагодогу Колумбия колледжинде телепрограммаларды даярдоо, өндүрүш жана карьераны башкаруу өңдөнгөн сабактарды дагы берет. Мындан тышкары ал иликтөөчү сыңары даректүү тасмалар, социалдык укук жана тарыхый адилеттүүлүк темаларына көп кызыгат.

         АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган American Film Showcase программасынын алкагында Риза Сандерс-Уирди атайын Кыргыз Республикасына чакырды. Бул программа көрөрмандарга ар кайсы фестивалдарда көз карандысыз даректүү, көркөм тасмалар жана даректүү ноухаулар сыяктуу сыйлыктарга татыган режиссерлорду тасмалары аркылуу элге Американын маданияты жана коому менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. БулАмерика киносу аркылуу эл аралык аудиторияга жетүү үчүн АКШнын Мамлекеттик билим берүү жана маданият бюросу менен USC кинематографиялык искусство мектебинин ортосундагы өнөктөштүктүн гана натыйжасы.

         Үстүбүздөгү жылдын 20-24-июнунда Кыргызстандагы Америка борборлорунда жана Кыргыз Улуттук, Борбор Азиядагы Америкалык жана Нарын Мамлекеттик университеттеринин, ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинин Медиа, ТВ жана журналистика бөлүмдөрүнүн студенттери, мындан тышкары мугалимдери менен дагы мастеркласстарды, көргөзүүлөрдү жана талкууларды кошо уюштурат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс