• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Өзгөн паспорт столунан 2643 бланк кайда жоголду?

Автор:ruh_admin

Июн 22, 2022

Биздин колубузга азыр Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Турганбаева Рапия Мажитовнанын КРнын Президенти С. Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттары Ж. Акаевге, Д. Ашимовага, Д. Бекешовго, А. Мадумаровго, Б. Сыдыковго, УКМКнын төрагасы К. Ташиевге, Башкы прокурор К. Зулушевге жана Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э. Жантаевдерге кайрылган катынын бир көчүрмөсү келип түштү. Калкты паспорт менен камсыз кылган мамлекеттик мекеменин райондук деңгээлдеги мурдагы жетекчисинин өлкөбүздүн эң жогорку кызматтардагы жетекчилери менен Парламент депутаттарына кайрылуусунун себеби эмне?

Кыргызстандагы паспорттордун бир эле өз жарандарыбызга эмес, чет элдиктерге, баарынан да кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен Интерполго чейинки издөөдө жүргөн кылмышкерлерге чейин сатылып кеткендиги мурда бир нече ирет айтылып, жазылып, жаңылык деле болбой калган. Ал тургай бул көйгөй жакында Парламентте талкууланып, санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов депуттарга кеңири маалымат берип, суроолоруна жооп кайтарган. Министр ал тургай эл өкүлдөрүнө аткарылып аткан иштер тууралуу видеотасма да көрсөткөн.

Бирок баарын санариптештирдик, коррупцияга же паспорт сатууга мындан ары мүмкүнчүлүк берилбей тургандыгы улам кайталанып айтылган менен “кыныккан неме тыныкпайт”,- демекчи, өлкөбүздөгү паспорт мафиясы дале улантылып, тармакты тейлеген тиешелүү жетекчилер тарабынан паспорт сатуудагы “бизнес” азыр деле улантылып жатыптыр.

Кайрылуу каттын автору Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Эсеналиева Элиза Кадырбековнанын бир топ мыйзамсыз жана былык иштерин жазган. Ким билет, министр, Министрлер Кабинетинин төрагасы жана президентке чейинки жетекчилер  билишпейби же аларга туура эмес маалымат беришкенби, айтор бүтүндөй мамлекетибиздин алты миллиондон ашык жарандарын паспорт жана башка маанилүү документтер менен камсыз кылган департаменттин жетекчилигине кесипкөйлүгүн мындай коёлу, мурда эле кылмыш иши козголуп, темир тордун ары жагында отура турган же катардагы жөнөкөй кызматка жумушка алууга мүмкүн болбогон директорду дайындап коюшуптур. Муну кыргыздар “карышкырга кой кайтарткандык” дешет эмеспи.

Анткени 2016-жылы Жанузакова Элиза Кадырбековнага карата КРнын Кылмыш кодексинин 225-статьясынын 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон экен. Бирок “амалдуудан айла качып кутулбайт”,- демекчи, Элиза айым сот жоопкерчилигинен фамилясын Эсеналиева деп өзгөртүп, кутулуп кеткен. Андан соң күйөө баласы, УКМКнын төрагасынын орун басары, генерал-майор   Апсатаров Бекбосун Жакшылыковичтин атын пайдаланып, Э. Эсеналиева Департаментте өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип алыптыр.  Эгер кайсы бир кызматкер жакпай калса, аны куугунтуктап, коркутуп, жумуштан кетүүгө мажбур кылат.

Баса, Э. Эсеналиева бул өтө жооптуу жана жогорку кызматка кызматтык тепкичтерди басып өтүп, такшалып келбестен, түндүктөн түшкөндөй болуп отуруп калган экен. Башкача айтканда, Департаменттин директорлугуна дайындалганга чейин, Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда өзүнүн начар кызматкер, жетекчи экендигин көрсөтүп, жарандар тарабынан да, кесиптештери тарабынан да көптөгөн арыз, даттануулар түшкөндүктөн, дисциплинардык эскертүү, сөгүш алган. Бирок ошол эле жылы июнда Департаменттин директору болуп дайындалат.

Э. Эсеналиеванын ойдон чыгарылган көрсөтмөсү менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусунун кызматкерлери Кара-Суу райондук бөлүмдөн “Паспорт” автоматташтырылган системасына киргизилген, бирок иш жүзүндө жок кылынбаган КРнын жаранынын паспортун текшерткен. Бул иш чаранын алкагында жоголду деп эсептелген документтер Департаменттин архивине өткөрүлгөн. Бул кызматтык жасалмалуулук болуп саналат жана мыйзам тарабынан жоопкерчиликке тартууга жатат.

Департаменттин өлкөдөгү баардык бөлүмдөрү түздөн-түз Э. Эсеналиевага баш ийгендиктен, ал жеке өзү түштүк райондоруна текшерүү жүргүзүү шылтоосу менен байма-бай каттап турган. Бирок дал өзүнүн жетекчилиги менен Өзгөн райондук бөлүмүндө КРнын жаранынын 2643 даана биометрикалык жана жалпы жарандык паспорттору мыйзамсыз түрдө жоголгон. Себеби бул бөлүмдүн жетекчиси Э. Эсеналиеванын адамы болуп эсептелет жана ал кызматкердин ишмердүүлүгү каралбай келүүдө.

Э. Эсеналиева Департаментке директор болуп келгенден бери аймактык мекемелерде консультативдик, методикалык жана маалыматтык жардамдар берилбейт. Кызматкерлердин иш графиги жана отпускага чыгуу сыяктуу конституциялык укуктары сакталбайт. Директордун өзүм билемдигине чек жок, мунун баары эл менен мамлекетке зыян келтирип, мамлекеттарабынан кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу багытында иш жүргүзүлбөйт. Андыктан Э. Эсеналиева Департаментти жетектей баштагандан тартып жарандар тарабынан нааразычылык жана арыз, даттануулар көбөйүп кетүүдө.

Жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп, бир нече жүз адамдын тагдырын чечкен жетекчи аймактарда жарандарга кызмат көрсөтүүдө сапаттык жана ыкчамдык жактан жакшыруунун үстүндө изденүүсү керек болчу. Бирок анын ордуна Э. Эсеналиева кадрларды мыйзамсыз дайындоо жана ротация менен эле алектенип келет. Тилекке каршы бул кадрдык башаламандык бүгүнкү күндө да улантылып, бүтүндөй Департаменттин ишмердүүлүгүн артка тартууда.

Мисалы, Ош облусундагы бөлүмдөрдүн паспорттук каттоо чөйрөсүндөгү иши улам эле текшерүүнүн үстүндө болуп келет. Тилекке каршы ошол текшерген кызматкерлердин өздөрүнүн талаптагыдай квалификациясы жана кесипкөйлүгү жок. Бул жок эле дегенде кызматтык этикага туура келбейт. Ушундай өзүм билемдик текшерүүнүн натыйжасында мыйзамсыз дисциплинардык жазалар көрүлүп, көптөгөн кызматкерлер сотко кайрылып жүрүшөт.

Өзгөчө тынчсызданууну Департаменттин директорунун орун басары Н. Сардарбековдун, УКМКнын мурдагы кызматкеринин жарандык кызматка дайындалышы жана атайын кызматтын өкүлдөрүнүн жарандык кызматка тартылышы болуп эсептелет. Андыктан анын кесиптик тажрыйбасы жок жана конкурстан өтпөстөн туруп ишке алынгандыгынын мыйзамдуулугун текшерүү керек.

“Ар кандай мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде 15 жыл ички иштер органдарында иштеп, мен ак ниет эмгегим үчүн бир нече ирет өкмөттүк сыйлыктарды алганмын, “Кыргыз Республикасынын паспорт кызматынын мыктысы” наамы менен сыйланганмын.

Жогорудагы келтирилген фактылардан улам Сиздерден Э. Эсеналиеванын Департаменттин директорлугуна дайындалышын, мекеменин кызматкерлерине карата жасаган мыйзамсыз аракеттерин, жарандарды документтер менен камсыз кылууга алып келген өзүм билемдигин, ошондой эле КРнын жарандарынын биометрикалык жана жалпы жарандык паспортторунун бланкаларынын аймактык бөлүмдөрдө мыйзамсыз жагдайда жоголушун өз убагында,  ар тараптуу жана объективдүү текшерүү үчүн жооптуу жана компонеттүү комиссия түзүүнү жана анын жыйынтыгында күнөөлүү жетекчи кызматкерлерди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп суранам”,- деп жазылган кайрылуу ээсинин катынын соңунда.

Эми президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү жетекчилери, УКМК, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңештин депутаттары бул өтө чуулгандуу жетекчинин ишмердүүлүгүнө мыйзам чегинде баа берип, эгер күнөөсү болсо, жоопко тартат деп үмүт кылабыз.

А. Белеков.

Кайрылуунун текстин толугу менен төмөндө окуй аласыз.

Президенту Кыргызской Республики Жапарову С.Н.

Депутатам Жогорку Кенеша Кыргызской Республики:

Акаеву Ж.К.

Ашимовой Д.А.

Нарматовой Н.А

Токторбаеву Ж.Ш.

Заместителю председателя Кабинета Министров — председателю ГКНБ Кыргызской Республики Ташиеву К.К.

Генеральному прокурору Кыргызской Республики Зулушеву К.Т.

Уважаемый Садыр Нургожоевич!

Уважаемый Жанарбек Кубанычович!

Уважаемая Динара Ашимовна!

Уважаемая „Надира Азимовна!

Уважаемый Женишбек Шермаматович!

Уважаемый Камчыбек Кыдыршаевич!

Уважаемый Курманкул Токторалыевич!

Я, Турганбаева Рапия Мажитовна, бывшая заведующая Отделом регистрации населения и записи актов гражданского состояния (далее ОРНЗАГС) Кара-Суйского района, вынуждена обратиться к Вам по поводу незаконных действий директора департамента регистрации населения и записи актов гражданского состояния (далее ДРНАГС) при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики (далее Минцифры) Эсеналиевой Элизы Кадырбековны.

В целях проверки деятельности территориальных подразделений ДРНАГС при Минцифры КР в Ошской области в сфере паспортной регистрационной работы, полного сбора материалов, всестороннего и объективного исследования обстоятельств дела, изложенных в письме ГУ ГКНБ КР по городу Ош и Ошской области от 26 февраля 2022 года N2 03-15/2647, приказом Министра цифрового развития КР от 29 марта 2022 года N2 91 была образована рабочая комиссия (из числа ответработников Минцифры) в составе: Ногойбаева Э.А., главного специалиста, руководителя рабочей комиссии, Жунусова Н.К., главного специалиста, Абылкасымова Т.Ж., ведущего специалиста.

По результатам проверки приказом ДРНАГС при Минцифры КР от 11 мая 2022 года N2 214-к на меня наложено дисциплинарное взыскание в виде «понижения в должности».

В свою очередь, я выражаю своё категорическое несогласие с итогами проверки и данным кадровым решением по следующим основаниям.

Прежде всего, я не была ознакомлена с Актом (справкой) проверки комиссии.

В ходе проведения (5-6 апреля с.г.) проверки членами комиссии не было выявлено ни одного серьёзного нарушения в деятельности ОРНАГС Кара-Суйского района.

При этом они продемонстрировали некомпетентность и полное игнорирование принципов и норм служебной этики при проведении проверки, что должно квалифицироваться, как ненадлежащее исполнение своих функций и служебных обязанностей.

Кроме того, проверявшие специалисты не обладают требуемым уровнем квалификации и профессионализма для проведения качественной, всесторонней и объективной проверки деятельности территориальных подразделений ДРНАГС. Например, Абылкасымов Т.Ж. работает в Министерстве всего лишь несколько месяцев.

Особую тревогу вызывает незаконное внедрение заместителем директора ДРНАГС Н.Сардарбековым, бывшим сотрудником ГКНБ КР, методов оперативнорозыскной деятельности спецслужб в повседневную работу специалистов Департамента.

Также, следует рассмотреть законность его назначения на занимаемую должность без соответствующего профессионального опыта.

Руководство ДРНАГС в нарушение порядка и последовательности наложения дисциплинарных взысканий, незаконно и необоснованно применило ко мне взыскание, предварительно не затребовав моего письменного объяснения и без учёта моей безупречной предыдущей трудовой деятельности.

За время работы в различных госструктурах я была неоднократно награждена почётными грамотами госадминистрации Кара-Суйского района, ГРС при Правительстве КР, МВД КР, именными часами Президента КР. Мне дважды (по линии МВД КР и ГРС при Правительстве КР) присвоено звание «Отличник паспортной службы Кыргызской Республики». В органах внутренних дел я проработала более 15 лет и награждена 33 поощрениями, имею звание майора милиции. С июля 2007 года работаю в паспортной службе.

Необходимо отметить избирательность проверок по принципу «угодных и неугодных», что создаёт возможности для преследований и гонений неугодных сотрудников.

Подтверждением этому служат имевшие место факты формальной и поверхностной проверки комиссией деятельности отдельных межрегиональных отделов.

Спустя 10 дней после вышеуказанной проверки сотрудниками ГУ ГКНБ КР по г.Ош и Ошской области произведены обыск и выемка документов в межрегиональном отделе Кара-Суйского района для выявления фактов утраты паспортов гражданина КР, введенных в реестр автоматизированной системы «Паспорт», но не уничтоженных в установленном порядке.

Следует отметить, что выемка реестров отправки паспортов на уничтожение в ДРНАГС производилась строго по номерам, заранее известным оперативным сотрудникам ГКНБ.

Фактически все, якобы, утерянные нами паспорта были обнаружены в Отделе по работе с архивом ДРНАГС при Минцифры КР.

В связи с этим требуется проведение служебного расследования по факту предоставления сотрудниками Департамента недостоверной информации в ГКНБ КР об утрате подлежащих уничтожению паспортов в ОРНЗАГС Кара-Суйского района, что является служебным подлогом и должно преследоваться по закону.

Из-за бесконтрольности со стороны руководства ДРНАГС были допущены факты незаконной утраты бланков общегражданских паспортов гражданина КР в количестве 2 643 шт. в Узгенском ОРНЗАГС.

Департаментом совершенно не проводится работа по оказанию консультативной, методической и информационной помощи территориальным подразделениям.

В нарушение конституционных прав сотрудников ДРНАГС не соблюдается ранее утверждённый график их трудовых отпусков. самоуправство Э.Эсеналиевой не имеет предела.

Директор ДРНАГС при Минцифры КР, занимая политическую государственную должность, должен принимать политикоопределяющие решения, ориентированные на проведение в жизнь политических программ и проектов, нести ответственность за реализацию поставленных политических целей и задач в рамках полномочий, установленных Конституцией и иными нормативными актами Кыргызской Республики.

Но, вместо этого Эсеналиева Э.К. занимается только незаконными назначениями (перемещениями) и ротацией кадров. К сожалению, эта кадровая чехарда продолжается до настоящего времени.

В 2016 году в отношении Джанузаковой Элизы Кадырбековны было возбуждено уголовное дело по ст.225 ч.1 УК КР, после чего она переменила свою фамилию на Эсеналиеву.

Прикрываясь именем своего близкого родственника Апсатарова Бекбосуна Жакшылыковича, первого заместителя председателя ГКНБ КР, генерал-майора, Эсеналиева Элиза подвергает преследованиям и гонениям неугодных сотрудников ДРНАГС, посредством угроз, запугиваний и шантажа принуждает их к увольнению.

Исходя из изложенного убедительно прошу Вас создать ответственную и компетентную комиссию для всесторонней и объективной проверки незаконных действий руководства ДРНАГС при Минцифры КР, а также фактов утраты бланков общегражданских паспортов гражданина КР во всех, без исключения, межрегиональных отделах Департамента и по её итогам ивлечь к от тственности виновных должностных лиц.

С уважением, Р.Турганбаева

г.Ош, 23 мая 2022 года.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс