• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Эгемендик, “Бүтүн Кыргызстан”, Донбасс…

Автор:ruh_admin

Июн 20, 2022

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн Донбасска гуманитардык жардам жөнөтүүсү Кыргызстанда бир топ талкуу жаратып, ар кандай саясий чайкоочулукка, жалданма чабуулдарга жана калктын алдында партияны жаманатты кылууга «дакансаларга» табылбаган шылтоо болуп калды.

Буга кошумча партиянын мүчөсү Динара Чолпонкулова деген айымдын “эл ичинде (көңүл бургула эл ичинде сөз бар деп жатат) сөз бар Путин Кыргызстанды Россияга кошуп алса деген…” деди деп “асмандан издегени жерден табылгандай” көбүртүп-жабыртып жатышат.
Бул боюнча УКМК да атайын билдирүү жасап, партия катардагы мүчөсүнүн сөзү мамлекеттик саясатка каршы келет деп аябай чоң саясатка айлантып алды ( калкты удургутуу үчүн таап атайын таап таратканы да талашсыз).
А чындыгында, УКМКанын билдирүүсүнүн артында көрө албастык жатат. Сокур саясат жатат. Бийликтин айыптарын, сабатсыздыгын, кадам сайын жасаган каталарын көзгө сайып, калк ичинде аброю артып бараткан партиянын,анын лидеринин беделине сокку уруу максаты жатат.
Эгерде, УКМКа мамлекеттик саясатты сактоону ошончо эле көздөп калса, анда президенттик администрация башчысы-кабинет министрлер төрагасы А. Жапаровдун “калктын 90% Россияга кошулууну каалайт…” деген сөзүнө баа берсин. “Жети облусту өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берели…” деген сөзүнө баа берсин. “Кыргыздарды Россияга эшелондоп жөнөтөлү…” деген сөзүнө баа берсин. Бул биринчиден.
Экинчиден, “Бүтүн Кыргызстан” эч качан Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген эмес. Мен, партиянын мүчөсү болбосом да, пикирлеш катары муну баса жана кесе айта алам. “Бүтүн Кыргызстан” тескерисинче өлкөнүн эгемендигин, бүтүндүгүн көздөгөн партия.
Россияга ыктоо маселесине келгенде, Донбасска гуманитардык жардам жөнөтүүгө келгенде, анда ал башка жагдай. Партия лидери А. Мадумаров Кыргызстандын ЖККУга мүчө экенин, ЕАЭБге, ШКУга мүчө экенин, ага мүчө катары Россиянын алдында милдеттери бар экенин белгилеп жүрөт. Анткени тийиштүү келишимдерге кол коюлган. Милдеттенмелер алынган. Алар аткарылыш керек же мүчөлүктөн чыгып кетиш керек…
Негизи Россия аябай чоң реалдуулук. Аны тааныбай адыраңдоо бери дегенде акылсыздык жана кыска ойлуулук. Кыргызстан үчүн Россия менен байланышкан бир нече жагдайды эске салсак:
-Россияда 1 миллиондон ашуун биздин жарандарыбыз жүрөт. Алар өздөрүн багып-асыроодон сырткары, мекенине миллиардап акча жөнөтүп, Кыргызстандын экономикасын өстүрүүгө эбегейсиз салым кошуп жатат. Россия алдында союздаштык милдеттен сырткары мына ушул жагдай да бар.
-Россия Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган мамлекет. Өсүмдүк май 90%, буудай 50% Россиядан келет. Бул жагдай да эстен чыкпаш керек.
-Россия энергетикалык коопсуздугубузду кекиртектен кармап алган (карматып коюшкан). Күйүүчү май 99%, газ 100% Россия аркылуу камсыздалат.
Мындан башка дагы жагдайлар бар. Алардын сырткары эң маанилүү тарыхый-гуманитардык байланыштарды унутта калтыруу мүмкүн эмес.
“Бүтүн Кыргызстан” мына ушул жагдайларды эске алып, ошого жараша саясат жүргүзүүнү көздөйт деп эсептеймин.
Албетте, АКШ, Европа Биримдиги, Япония, Түштүк Корея адамзаттын авангарды. Технологиянын, билим-илимдин, адам укуктарын сактоо, демократия, мыйзамдуулукту жогору коюнун үлгүсү. Алар жеткен бийиктикке жетүүгө умтулуш керек. Бирок биз ал бийиктиктерге Казакстан, Россия, Өзбекстан менен биргеликте барабыз. Бул сөзсүз ишке аша турган нерсе.
Донбасс маселелесине келгенде, С. Жапаров “Донбасстагы операцияны колдойбуз…” деп Путин менен сүйлөшүүдө айтып, андан кийин башын катып, унчукпай койду. Ага караганда “Бүтүн Кыргызстандын Донбасска жардам жөнөткөнү чынчыл саясат. Кээ бирөөлөр тарабынан ур-тепкиге алынганга карабай өз позициясын бекем карманган чынчыл саясат.
Донбасс, Украина аябай татаал жана чиелешкен маселе болуп калды. Согуш токтош керек. Украина жергесинде тынчтык орнош керек.
Бирок, биз реалдуу дүйнөдө жашап жатабыз. Азыркы реалдуу дүйнөдө, дүйнөлүк саясатта геосаясий кызыкчылыктар, импердик мамлекеттердин өз кызыкчылыгын, коопсуздугун эч нерсеге карабай коргогон “өкүм зордук” жүрүштөрү бар. Кандуу жүрүштөрү бар. Ирак, Ливия, Вьетнам, Ооганстан, Украина ж.б. жерлердеги кандуу трагедиялар буга далил.
Рим папасы Франциск Corriere della Sera гезитине жарыяланган интервьюсунда “НАТОнун Россиянын дарбазасынын алдында үрүп туруп алганы Донбасстагы операциянын башталышына себеп болду шекилди» деп айткан эле.
Мына ушул жагдай Украина таргедиясынын бир себепкери болуп калды го. Бул кырдаал 2014-жылдан тарта алоолонуп, быйыл апогейине жетти. Россия менен Украина кырылышып жатып калды. Буга жол берилбеш керек эле. Украина Батыш менен да, Россия менен да мамилелеш болуп, өнүгө берсе мыкты болмок. Алар “Украина Европа. Цивилизация”, “Россия, андан аркылар варварлар” дегенди негизги саясатка айлантып, душман ашырышты…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс