ОШ. Өзгөн районунда жардамга абдан муктаж 100 үй-бүлөгө жалпы жонунан 300 миң сомдук азык-түлүк баштыкчалары таратылды.
— Адилеттүүлүк болсун деп биз районго караштуу 19 Айыл Өкмөтүнүн жардамга өтө муктаж төрттөн үй-бүлө жана Өзгөн шаарынан 24, жалпысынан 100 үй-бүлөгө жардам кайрымдуулук жардамын көрсөтүк. Максатыбыз фитир-садаканы өз ордуна жеткирүү жана жардамга зарыл жарандарды сүйүнттү, – деди Өзгөн районунун баш имам—хатиби Акжол ажы Бакиров.
Ошентип, бул жолку азык-түлүк баштыкчалары ун, өсүмдүк майы, кумшекер, чай, макарон, күрүч, туз жана шириндиктерди ичине камтыды.
Белгилей кетээрибиз: аталган кайрымдуулук иш-чарасы фитир-садакадан түшкөн каражаттын Өзгөн хатибиятына тиешелүү эсебинен каржыланып, калктын аярлуу катмарына гана тапшырылды.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,
Сүрөтү автордуку.