• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ОШТО ИШКЕРЛЕРДИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ОРОЙ-ЧАРАЙ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 16, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жергиликтүү ишкерлердин көйгөйлөрү ачык-айкын жана кенен-чонон талкууланды. «Ишкерлердин укуктарын коргоо» аталышындагы бул маанилүү иш-чара Ош шаардык прокуратурасынын демилгеси аркасында уюштурулуп, анын жүрүшүнө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Мамлекеттик салык инспекциясынын, санэпид бекетинин, архитектура жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү дагы катышышты.

Ачык-айкын жолугушуунун жүрүшүндө оштук ишкерлердин өтө орчундуу көйгөйлөрү, алардын аталган көзөмөлдөөчү органдар менен өз ара тыгыз аракеттенүүсү дагы үстөккө-босток көтөрүлдү. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев ишкерлерге алардын ишмердүүлүгү туурасында маалымат берүү үчүн бардык кызматтардын тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине токтолуп, ошондой эле учурдагы салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө дагы баса токтолду. Маселен, салык органдары өз ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүүнү эске алуу менен заманбап контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча маалыматтык иштерди кеңейтүүсү өтө зарыл экендиги баса белгиленди.

 

Ошентип, «Ишкерлердин укуктарын коргоо» деп аталган жыйынынын соңунда тиешелүү кызматтарга мындн ары ишкерлер менен тыгыз байланышта болуу жана алар менен маалыматтыкагартуу иштерин мындан ары дагы ого бетер күчөтүү, мунун ичинде ишкерлерди туруктуу колдоого, алардын укуктарын такай коргоого өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар дагы берилди.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс