• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Мырзакул ОСМОНОВ: “АСМАНДАН ТҮШКӨН ЖЕРИМ ЖОК!”

Автор:ruh_admin

Июн 16, 2022

   Рубрика: Айтылбай турган съз эле…

 Кыргызстандын Түштүк башкалаасында диний экстремисттер беймарал гана жойлоп жүрүшөт. Эми минтип мындай жосунсуз жоруктарга каршы аёосуз күрөш абдан күчөтүлдү. Ушул жана башка көйгөйлөрдүн тегерегинде Ош шаарынын жаңы казысы Мырзакул ОСМОНОВ кабарчыбыз менен кенен-чонон ой бөлүштү.

  • Мырзакул таксыр, соңку учурда Ош шаарында диний экстремисттик уюмдардын катары улам калыңдап бараткандыгын деги Сиз эмнеден көрөсүз?
  • Жашырып не? Моюнга алуубуз кажет! Диний түшүнүгүбүздүн тайкылыгы биздин кендирибизди куп гана кесип келатат. Анан дагы дал ушул талылуу жерибизди диний экстремисттер өлө митайымдык менен пайдаланышууда. Какаганга муштагансып, биз баарыбыз тең мусулмандык парызыбызды тегиз аткарбай калдык.
  • Байкагандырсыз, бул өңүттө Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети (УКМК) абдан активдүү иштеп жаткан чагы. Кыйчалыш кезеңде анда неге чекисттерибизге үзгүлтүксүз көмөктөшпөйсүздөр?
  • Кантип? Биздин каалабызда эле 81 мечит бар. Жума намаз маалында баарында тең диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын теңирден тескери саясатын, ошондой эле мындай мыйзамсыз жоруктардын кесепеттерин калкыбыздын арасында төкпөй-чапчай кенен-чонон түшүндүрүүнү күчөттүк.

         Мындай тагдыр чечүүчү шартта Ош шаарынын мэриясы, УКМКнын Оштогу башкармалыгы, Аймактык Кеңештер, калаа депутаттары жана жарандык активисттер менен зор ынтымакчылыкта ийиндеше иштешип жатабыз. Мен мындай биздин биргелешкен аракетибиз жакынкы арада оң натыйжасын берээрине терең ишенемин!

  • Сиз деги биздеги диний экстремисттерге карата кандай катаал чаралар көрүлсүн деп эсептейсиз?
  • Адегенде бул өңүттө имам-хатибдер, ажылар жана Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын Ош шаардык казыяты үзгүлтүксүз калк кыдырып, алардын арасында өлкөбүздө тымызын аракеттенишкен 21 диний экстремисттик уюмдар, мунун ичинде Хизб-ут-Тахрир, Йакын Инкар туурасында кенен-чонон түшүндүрүүгө бекем ыктадык. Фанатизм дагы өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып аткандыгын кеңири чечмелеп жатабыз.

         Ушундан кийин гана кеп жебеген, анан дагы ыкка таптакыр көнбөгөн диний экстремисттерди мыйзам чегинде жазалоо кажет! Соңку кезде дал ушундай чукул чараларды көрүүнүн натыйжасында гана басымдуу жердештерибиз камалганга чейин эле диний экстремизмден жана терооризмден баш тартышып, адаттагыдай жай турмушка бекем ык коюшту.

  • Сиз өлкөбүздөгү казылардын эң эле жашысыз. Бул кебетеңизде ишти мындан ары жөндөп кете алаар бекенсиз?
  • Алишер мырза, менин жаштыгым деле калган жок!  Диний жамааттагы тажрыйбам деги жетиштүү. Буга дейре казынын орун басары жана кеңешчиси элем. Ал эми соңку тапта  Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиб мансабын дагы абийирдүү аркаладым. Демек, Ош шаарынын казылыгына мен асмандан түшкөн жерим жок!
  • Адис сыңары соңку кезде мектеп окуучуларынын намазга жыгылышына, а түгүл мечиттерге дагы катташына кандай карайсыз?
  • Чындыгында, мен буга оң эле пикирдемин. Мектептеги сабагынан тышкары бош убактысында мейли намаз окусун. Мындайда баланын көкүрөгүнө ыйман-адеп бекем орнойт. Жаман адаттардан дагы караманча алыс болот. Адамгерчиликке жана нысаптуулукка гана тарбияланат.
  • Таксыр, биз — светтик өлкөбүз. Ошого карабастан Кыргызстанда мечиттер жана молдолор дагыле арбын. Жападан жалгыз Ислам менен өнүгүү кыйын го? Ошондуктан, биздин өлкөбүздө деле коңшубуз Тажикстандагыдай коркунуч жокпу?
  • Кыргыз калкынын 90 пайызы — мусулмандар. Демек, ислам баалуулуктарын такай тутунуу — мезгилдин гана талабы. Ошол элде учурда башка диндегилердин дагы үрп-адаттарын жана каада-салттарын сыйлоо — биздин түздөн-түз милдетибиз! Өлкөбүздөгү бардык улуттар эриш-аркак жашап, ынтымакчылыкта өнүксөк, Кыргызстаныбыз  бара-бара тез эле бутуна туруп кетет эле.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

         Ош шаарынын казысы Мырзакул ОСМОНОВ 41 жашта. Ош облусундагы Чоң Алай районунун борбору ДароотКоргон кыштагында туулган. 2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинде окуган. 2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдыжапар» Ислам институтун аяктаган. Ошондой эле ОшТУнун энергетика факультетин дагы бүтүргөн. 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы «Али альБайт» мечитинин имамхатиби катарында эмгектенген. Алты баланын (үч уулдун, үч кыздын) атасы. Жубайы жогорку билимдүү. Мырзакул мырза кыргыз, орус, араб, түрк жана урду тилдеринде эркин сүйлөйт.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

         СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2), 3), 4) Ош шаарынын казысы Мырзакул ОСМОНОВ. 5), 6) Ош шаарынын мусулмандар казыяты.

         Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс