• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

«Комиссия 44түн» жети мүчөсү Хорогдон Душанбеге жеткирилди

Автор:ruh_admin

Июн 8, 2022

Өткөн аптада кармалган «Комиссия 44түн»  он үч мүчөсүнүн жетөө Хорог шаарынан Душанбеге жеткирилди. Бул тууралуу “Озодинин” өз булактары кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган активисттер чет өлкөлөрдөн каржылай жардам алууга шектелүүдө жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда болот.

“Озоди” радиосуна жарандык активисттердин бешөө жөнүндө гана белгилүү. Алар: Юрист, 2020-жылы Тажикстандагы президенттик шайлоодо катталбай калган талапкер – Фаромуз Иргашов, камактагы жарандык активист, журналист Ульфатхоним Мамадшоеванын агасы Хурсанд Мамадшоев, Памир юристтер ассоциациясынын башчысы Манучехр Холикназаров, жарандык активисттер Музаффар Муборакшоев менен Бахтовар Бахтиёров.

Өткөн аптада “Комиссия 44түн” 13 мүчөсү Хорогдо прокуратурага чакырылып, айрымдары тергөө абагына киргизилгени кабарланган.

“Алар өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддина Кабири жана Тажикстандын Улуттук альянсынан акча алууга күнөөлөнүүдө”, — деди өз булак.

Тажик бийлиги жарандык активисттердин кармалганы боюнча комментарий бере элек. Мамлекеттик телеканалдар “Комиссия 44түн” мүчөлөрүн Хорог шаарында жана Рушан районунда жапырт башаламандыктарды өткөрүү үчүн чет өлкөлөрдөн акча жана нускама алууга айыпташууда. Душанбенин оппоненттери бул айыптоолорду негизсиз деп эсептейт жана мындай жол менен мыйзамсыз аракеттерин актап жатканын айтышууда.

“Комиссия 44кө” облустагы жарандык коомдун активисттери кирген.

Бадахшанда 2021-жылы 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн бери кырдаал курч бойдон турат.

“Комиссия 44түн” мүчөлөрү бийлик менен жергиликтүү элдин ортосунда көпүрө болуп келген. Алардын ортомчулугу менен Хорогдогу төрт күндүк акция аяктаган. Бирок Гулбиддин Зиёбеков менен ноябрь окуялары учурунда өлгөн дагы эки кишинин ишин иликтөө азыркыга чейин уланууда.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс