• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Доллардын түшүү, көтөрүлүүсүнүн себеби…

Автор:ruh_admin

Май 28, 2022

Акыркы күндөрү доллардын курсу бир төмөндөп, бир көтөрүлүп, калкты, ишкерлерди беймазага салып жатат.

Негизи сомдун бекемдиги же күчсүздүгү Кыргызстандын төлөм балансына же экспорт-импортунун абалына жараша болот.
Импорт көп, экспорт аз болсо сомдун курсу интервенция же башка чаралар менен кармалат. Кармай алышпаса куну качып, доллар кымбаттайт.
Кыргызстандын тышкы соодасында импорт экспорттон үч-төрт эсе көп болуп келет. Акыркы кезде бул тенденция өсүп, тескери сальдо 4-5 эсе болуп калып жатат.
Маселен, быйылкы жылдын үч айында Кыргызстандын экспорту 367 млн. доллар, импорту 1 млрд. 741 млн. доллар болгон. Төрт эседен ашык тескери сальдо. Бул аябай жаман көрүнүш…
Кыргызстан шартында сомдун курсун кармаган эң маанилүү фактор эмгек мигранттарынын акча которуусу. Мына ушул жагдай экспорт-импорттогу терс жагдайды түздөп турат.
Биздин мигранттар негизинен Россияда болуп, рубль менен маяна алып, мына ушул валютаны мекенине которушат. Ошондуктан рублдын абалына жараша сомдун курсу өзгөрүп жатат.
Акыркы кезде рубль долларга карай абдан бекемделди. Бир доллардын баасы 56 рублга чейин түштү. Аны менен кошо Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөдү.
Орус өкмөтү үчүн доллардын кескин арзандоосу пайдасыз. Анын түшүнүктүү себептери бар. Ошондуктан алар рублдун курсун төмөндөтүү үчүн бир катар чараларды көрдү. Мисалы, Россиянын Улуттук банкы негизги үстөктү 20%дан 11% га төмөндөттү. Экспортер компанияларга валютасын сатууну жумшартты…
Натыйжада рублдун курсу төмөндөдү. Бир доллардын баасы 66 рублга чыкты.
Ошого жараша Кыргызстанда да доллардын курсу көтөрүлө баштады. 79 сомго түшкөн доллар кайрадан 84 сомдон ашып баратат…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс