• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Кумтөрдө алтын эмес, алаамат жакын…

Автор:ruh_admin

Май 27, 2022

Кумтөрдө афера жеңген. Кыргызстан абдан катуу утулган. Улуттук кызыкчылыктан, мамлекеттик кызыкчылыктан, элдин кызыкчылыктан дээри пастыгынан кара жемсөөсүн жогору койгон коррупционер жетекчилердин айынан Кыргызстан утулган.

Кумтөрдө СССРдин геологдору, андан кийин жергиликтүү геологдордун тастыктоосу боюнча 716 тонна алтын бар эле. Анын 400 тоннасын “Центерра” алып кетти. Ири алтын кендин каймагын калпып, ондогон миллиард доллар алып чыгып кетти. Мына ошентип финансылык афераны ишке ашырылган…
Эми жаңы келишимге ылайык Кумтөр Кыргызстандын колуна өтүп жатат. Бирок Кумтөр менен кошо абдан оор жоопкерчилик, экологиялык жоопкерчилик Кыргызстандын мойнуна жүктөлүп жатат.
Демек, ондогон жылдардан бери кенди иштетүүдө пайда болгон ченемсиз уу калдыктары, аны менен кошо мүмкүн болуучу экологиялык апаатка жоопкерчилик Кыргызстан мойнуна илинди. Уу калдыктарын жасаган, ондогон миллиард доллар пайда көргөн “Центерра” “колун жууп” чыгып кетти…
Жакынкы күндөрдөн бери Кумтөрдө дагы бир балакеттин карааны көрүнө баштады.Тоо кен иштерин жүргүзүүдөгү технологиянын бузулушунанбы, айтор Кумтөрдөгү “Борбордук” карьерасынын чыгыш жана түндүк-чыгыш капталдары тездик менен жыла баштаганы маалым болду. Өкмөт аны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү чечти.
Эгерде карьеранын капталдары урап түшсө, Кумтөрдө кен казуунун келечеги кандай болот? Анткени урандыларды ташып чыгып, алтын кендерге жетүү он Бөлтүрүктүн, эки эмес, беш Жапаровдун колунан келбеген жумуш болуп калат. Кумтөрдө кен казуу токтоп калса, анда Кумтөрдү алуунун кандай кажети бар эле?
Жапаровдор жана Бөлтүрүк мына ушул жоопкерчиликти билишеби? Же “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин” дегендей бир-эки жыл Кумтөргө кожоюндук кылып, каалаганын жасаш үчүн ушундай авантюрага барышканбы?
Мына ушул маселелер, суроолор чоң кооптонууларды, чочулоолорду жаратып турат. Андан сырткары Кумтөрдөгү иште ачыктыктын жоктугу (Эсеп палатасы эми текшерип жатат. Алар да Жапаров кандай буйрук берсе, ошондой бүтүм чыгарат), техногендик, экологиялык катастрофанын карааны үштү алып турат…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс