• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ӨЗГӨНДҮН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ АКИМ МЕНЕН ЧАБЫШЫП ЖАТАТ

Автор:ruh_admin

Май 27, 2022

Жаштыгына карабастан камчы салдырбастан гана иштеп жаткан Кыргызстандагы эң кенже аткаминер Шайырбек АРЫНОВду Өзгөн районунун жетекчилиги Жалпак-Таш Айыл Өкмөтүнүн башчылыгынан олуттуу жүйөөсү жок эле бошотуп тынышты. Көрсө, булардын көздөшкөнү башкада турбайбы…

Мындай күтүлбөгөн адилетсиздикке Жалпак-Таш жергесинин зирек тургундары адегенде катуу каршылык көрсөтүшүп, Өзгөн районунун акими Жалпак-Таш Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындаган Шакир Мамадалиевди (бул жигит Өзгөн шаарынын биринчи вице-мэри кезинде чуулгандуу жоруктарга дагы аралашкандыгы үчүн айыпталып жаткан) жана аны жергиликтүү жамаатка тааныштырганы барган акимдин биринчи орун басары Жалил Алиевди Айыл Өкмөтүнүн кеңсесине таптакыр киргизбестен кууп ийишти. Ошондуктан, эртеси район акими Мурат Раматов  өзү Шакир Мамадалиевди күч органдары менен курчатып атып, араң иш ордуна олтургузду.

         Акыры Жалпак-Таш Айыл Өкмөтүнүн башчылыгынан негизсиз эле жана күтүүсүздөн бошотулган Шайырбек Арынов уят-сыйытты жыйыштырып, анын үстүнө өзүнүн актыгын жердештерине далилдөө максатында Өзгөн районунун акиминин үстүнөн сотко даттанды. Эми Фемида бул чуулгандуу ишти 6-июнда караары күтүлүүдө. Ошентип, өз кабарчыбыз дагы бул жаңжалдуу окуянын – жергиликтүү эки аткаминердин өз ара чабышын ар тараптуу иликтөөгө батыл киришти.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Өзгөн району

         СҮРӨТТӨ: 1) Өзгөн районун акими Мурат Раматов Шакир Мамадалиевди араң иш ордуна олтургузду.

         Сүрөт автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс