• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ОШТУН МЭРИ СУУНУ ТАЗАЛОО БОЮНЧА ЭКИ ДОЛБООР ДАЯРДАЛЫП ЖАТКАНДЫГЫН АЙТТЫ

Автор:ruh_admin

Май 24, 2022

 

ОШ. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов журналисттерге жамгыр жана сел учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган долбоорлор тууралуу кеңири маалымат таратты. Анын айтымында, биринчи долбоорду ишке ашырууга тендер июль айында жарыяланат, ал эми экинчиси пилоттук негизде гана киргизилет.

Алмаз Мамбетовдун айтымында, жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган. Биринчи долбоорду ишке ашырууга тендер июль айында жарыяланат, ал эми экинчиси пилоттук негизде киргизилет. Жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган.

  • Азыркы “Плотина” суу тосмосунан диаметри 1000 миллиметр

болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда. Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда таза суу берүү маселесин 75-80 пайызга чечет. Долбоор Министрлер кабинети тарабынан колдоого алынып, долбоордук-сметалык документтер даярдалган. Бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер дагы жарыяланат, — деп кошумчалады Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов.

Баса, аталган долбоордун баасы 3 миллион доллар, ага гранттык негизде Азия өнүктүрүү Банкы колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары мэр сууну мембраналык тазалоо киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жаткандыгын дагы кошумчалады. Бул ылайлануу күчөгөн учурда тазалоо көрсөткүчүн жогорулатаарын баса белгиледи.

  • Бул технология азыр Азейбайжандын башкалаасы Баку шаарында

абдан активдүү колдонулуп жатат. Ал жерге маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер дагы жиберилет. Ал эми Казакстанда аз көлөмдө колдонулат. Биз пилоттук негизде киргизүүнү пландап жатабыз. Эгерде ал өзүн актаса, кеңири масштабда гана пайдаланабыз. Анда суткалык тазалоо 150 миң куб метрден кем эмес болот. Аны ишке ашырууга 10 миллион доллар керектелет экен, — деп кошумчалады Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Алмаз Мамбетов.

Айтмакчы, Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий түрдө катталган. А калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя тез ылайланып, калкка таза суу берүү кээде эки-үч күнгө дейре токтотулат. Бул — ущуд тапта шаардыктардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс