• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАДДА АСКЕРДИК МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ

Автор:ruh_admin

Май 24, 2022

ОШ. Коргоо министрлиги 24-майында Ош жана Жалал-Абад облустарында “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” аскердик машыгуулары башталгандыгын билдирди.

Ушул жылдын 26-майына дейре созулган бул аскердик машыгууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдары, Президенттин  Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясы, Ноокат жана Ала-Бука райондук акимчиликтери, ӨКМ, УКМК, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрү дагы катышып жатат. Атайын машыгууда стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо дыкаат уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор дагы коюлууда. Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү калкты эвакуациялоону, фильтрациялык пункттарды уюштуруу жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу бекеттерин жайылтууну практика жүзүндө көрсөтүшүүдө.

Ошондуктан, Ош шаарынын мэриясы калаа тургундарын аскерлерден жана техникалардан чочулоого негиз жок экендигин, бул жөн гана катардагы аскердик машыгуу экендигин эскертти. Былтыр апрелде Баткен облусунда“Коопсуздук-2021” “Калыптандыруу-2021” деп аталган ири масштабдуу машыгуулар өткөн эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс