• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

К. ДОСОНОВДУН КРИМТОБУНУН ҮЧ МҮЧӨСҮ МАҢЗАТ СООДАСЫНА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Май 24, 2022

ОШ. Улуттук коопсуздук комитети кылмыш дүйнөсүндө “Женго” аттуу каймана ат менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү эл аралык маңзат соодасына тиешеси бар деп шектелип кармалгандыгын шардана кылды. Ошентип, буларга “Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан” багытындагы маңзат ташыган каналды түптөгөн деген айып тагылды.

УКМК тараткан маалыматына караганда, бул жолу кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, маңзат каналынын башка катышуучуларын дагы аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары активдештирилди. Баса, Кадыр Досонов 2021-жылы февраль айында кайра кармалган эле. Анда УКМК бул кримтөбөлгө Жазык Кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен кылмыш иши козголгондугун билдирген. Атайын кызматтын маалыматында “Буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Кадыр Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталды. Досоновдун мындан тышкары курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылды” деп жар салган.

Баса, Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лөгү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү саналган Кадыр Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы, уюшма кылмыш топторго каршы активдүү күрөш жүрүп жаткан кезде издөө жарыялаган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө ал Тажикстанда колго түшүрүлүп, Кыргызстанга алынып келинген жана ага карактоо, маңзат соодасы, адам уурдоо сыяктуу абдан оор айыптар тагылган. Кадыр Досонов, бирок Ош шаардык сотунда акталып чыккан. Милиция Досоновго экинчи жолу 2013-жылы ноябрда кайра издөө жарыялаган жана ал кармалгандан кийин Ош шаардык соту кримавторитетти үй камагына чыгарган эле. Анткени, ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын февралда кайра кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук бойдон акталып чыккан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс