ЖАЛАЛ-АБАД. Азыр жумасына аба каттамы үч жолу аткарылса, жайдын экинчи айынан тарта мындагы дагы көбөйө тургандыгы айтылды. Маселен, июль айынан тартып Жалал-Абад шаарына авиакаттамдардын санын дагы арбытуу пландалууда.
“Манас” Эл аралык аэропорту” ААКсынын маалыматына ылайык, TEZ JET авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарышы ыктымал. Азыркы учурда жумасына үч жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) гана каттайт.
Эске салчу жагдай: Орусиянын “Урал авиалиниялары” компаниясы быйыл жайында Бишкек менен Ошко дагы жаңы беш каттам ачылаарын убадалады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2), 3), 4), 5), 6), 7) “Коопсуздук-2022” жана “”Түштүк-2022” аскердик машыгуулары. 8) Кадыр Досоновдун кримтобунун үч мүчөсү маңзат соодасына шектелип кармалды. 9) Кыргыз-Өзбек чек арасы. 10) Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов. 11) Жалал-Абад аэропорту.
Сүрөттөр автордуку