БАТКЕН. Акыркы күндөрдө Кадамжай районунда жүргөн селдин кесепетинен Ош-Раззаков жолу убактылуу жабылган эле. Ушул тапта жол ачык, аны тазалоо иштери ырааттуу улантылууда.
Айтмакчы, катуу сел Кадамжай районунун Орозбеков көчөсүндө жайгашкан райондук милициянын имаратынын жер төлөсүн жана Зведная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн короосун каптаган.
Соңку таптагы тазалоо иштерине 2 бөлүмдө 6 куткаруучу тартылып, ушул тапта атайын техниканын жардамы менен сууну тарттыруу иштери күчөтүлдү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.