• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНГЕ АБА КАТТАМДАРЫ КӨБӨЙТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Май 23, 2022

БАТКЕН. Тez Jet авиакомпаниясынын учактары Бишкек- Баткен-Бишкек аба каттамы боюнча жумасына Баткен шаарына эки жолу, ал эми Раззаков шаарына эки  жолу каттай баштады. Бул жөнүндө Баткен аэропортунун директору Адыл Имаров кабарлады.

Буга дейре учактар жумасына бир жолу каттап турган. 2022-жылдын 19-майынан тартып ар жуманын шейшемби,бейшемби күнү Бишкек-Баткен-Бишкек каттамы жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү Бишкек-Раззаков-Бишкек авиа каттамдары аткарылат.

Белгилей кетчү жагдай: буга дейре Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Tez Jet аба компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда авикомпанияларга аба каттамдардын санын көбөйтүү маселесин абдан катуу табыштаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс