• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДИН МЕКТЕПТЕРИ 113 МУГАЛИМГЕ МУКТАЖ

Автор:ruh_admin

Май 23, 2022

 БАТКЕН. Баткен облусу боюнча ушул тапта кыргыз тилдүү мектептерде 95 мугалим, орус тилдүү мектептерде 18 мугалим, а жалпысынан 113 мугалим жетишпейт.

Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Касымбек Жалиловдун айтымында, аймакта музыка, физика,география, дене-тарбия сабактарынан мугалимдери жетишсиз. Мунун кесепетинен аталган  сабактарды тектеш адистиктеги мугалимдер өтүп келатышат. Бул кендирди кескен көйгөйдү чечүү максатында, мугалимдик кесипке кызыккан бүтүрүчүлөрдү, жогорудагы предметтерге багытоо иштери жүрүп жатат дейт, Жалилов.

  • Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 234 мамлекеттик билим

берүүчү мекемеде 8633 мугалим эмгектенет. Ал эми Баткен райондук билим берүү мекемелеринин отчетуна караганда, облусубуздагы окуучулардын билим сапаты 55 жана 60 пайызды түзөт дейт, — Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Касымбек Жалилов.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс