• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА

Автор:ruh_admin

Май 23, 2022

БАТКЕН. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун табигый кырсыктардан жпа чегишкен Кадамжай шаарынын Орозбек Айыл Өкмөтүн жана Лейлек районунун бир катар айылдарын кыдырды.

Баса, май айынын биринчи жана экинчи он күндүгү жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн түштүгүндө табигый кырсыктар катталып Жала-Абад, Ош, Баткен облустарынын бир топ айылдарын сел каптаган. Мындан улам селдин кесепеттерин жоюну, дамбаларды, жээктерди бекемдөө иштерин жеринде көрүү максатында Өкмөт мүчөсү Бообек Ажикеев ушул тапта иш сапары менен түштүк аймагында жүрөт.

Баса, буга дейре жаз-жай мезгилдеринде жүрүүчү селдин алдын алуу иштери ӨКМ тарабынан жасалган. Аймактардагы сел өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо, жээктерди, дамбаларды бекемдөө иштеринин жүргүзүлгөнүнө карабай бир катар айылдарды дагыле сел каптап кетти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс