• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

“ЮНИКОМ” КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫН ОРУСИЯДА ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙТ

Автор:ruh_admin

Май 21, 2022

  Кыргыз республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмү Кара-Суу шаарында бош орундардын жармаңкесин уюштурду. Бул абдан маанилүү иш-чарага Орусиянын уникалдуу  “ЮНИКОМ” кадр агенттигинин президенти Аббас АББАСОВ, ошондой эле жергиликүү иш берүүчүлөр жана кыска аралыкта кесипке үйрөтүүчү мекеме-уюмдар катышышып, ара чолодо майнаптуу жолугушууларды дагы өткөргөнгө үлгүрүштү.

        Коммуна ДЖАКИШОВА, Кара-Суу районундагы №59-кесиптик лицейдин директору: — Биздин кесиптик лицей фермерлерди, автоунаа паркын оңдоочу жана техникалык жактан тейлөөчү устаттарды, операторлорду, тигүүчүлөрдү, ширетүүчүлөрдү жана дагы айдоочуларды белендейт. Кыска мөөнөттө компьютердик адистерди, жашылча-жемиштерди өстүрүүчү багбандарды деле даярдайт. Бүтүрүүчүлөрүбүзгө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жумуш табуу опоңой! Анткени, саналган адистиктерге дүйнөнүн бардык булуң-бурчу ушул тапта абдан чаңкап турат.

        Гүлжамал ҮРКҮНБАЕВА, “Данида” коомдук фондунун төрайымы: — Биздин коомдук уюм жалаң эле Түштүк жергесинин калкын эки өңүттө окутат. Адегенде заман талабына жараша улуу курактагы жарандарыбыздын билимин жогорулатат. Андан ары ошондой эле булардын эч кандай тоскоолдуксуз жумушка орношуусуна дагы түздөн-түз көмөктөшөт. Албетте, окутуу бекер эмес. Бирок, төлөөгө абдан ыңгайлуу жана арзан. Ошондуктан, биздин тигүүчү, чач тарач, үй-бүлөлүк мал дарыгери, ашпозчу, бухгалтер, менеджер, дизайнер, сувенирчи, таш кынагыч, орус тили жана англис тили мугалими өңдөнгөн кесиптеги бүтүрүүчүлөрүбүздү Жер шарынын чар тарабынан жолуктуруу анчалык деле кыйын эмес!

         Ашырали КЫПЧАКБАЕВ, ажы, “Ыйык жол — Азамат” автомектебинин мугалими: — Абдан кыска аралыкта, дээрлик үч жарым айда гана “В” жана “”С” категориясындагы айдоочуларды даярдап чыгарабыз. Окууну аяктаганда ар бирине айдоочулук күбөлүк ыйгарылат. Автомектебибизде жалаң гана дасыккан мугалимдер эмгектенишет.

        Айгүл КУЛАНОВА, Кара-Суу районунун  акиминин орун басары: — “Бош орундар жармаңкеси” биздин өрөөндө кадимки салтка айланган. Албетте, бул — Кыргыз республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн мээнети. Мунун аркасында далай жердештерибиз алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн туруктуу иш таап жатышат. Ошентип, бул аркылуу аймагыбызда жана өлкөбүздө стабилдүүлүк дагы бекем орноду.

        Бердибек АСАНОВ, Кыргыз республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы: — “Бош орундар жармаңкеси” бизде жыл сайын эле өткөрүлүп келатат. Мунун натыйжасында жумуш издегендер мекеме-ишканалардагы бош орундарга кыска мөөнөттөгү окуудан кийин токтоосуз түрдө жайгаштырылат.  Кээде убактылуу акы түлөөнүчү жумуштарга дагы чегерилет. Ал эми түпкү Ата Мекенине кайтышкан кайрылмандарды кынтыксыз каттап, атайын макам, андан ары бара-бара Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга такай көмөктөшөбүз. Саналган бийик максаттарыбызды ырааттуу түрдө жүзөгө ашырууга бизге Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) такай каржылык колдоо көрсөтүп келатат. Соңку мезгилде Орусиянын “ЮНИКОМ” кадр агенттиги Кыргыз рыногундагы адистерди өз өлкөсүндө эч кандай тоскоолдуксуз жумушка жайгаштырууга бизге абдан жардамдашууда.

         Аббас АББАСОВ, Орусиянын “ЮНИКОМ” кадр агенттигинин президенти: —  Кыргызстандык адистерди заманбап күнөсканаларда иштөөгө чакырып жатабыз. Ушул тапта иштин көзүн билгендерге Орусия абдан муктаж! Ошондуктан, биздин өлкөбүздө иштегенге ураксат берүүчү бүтүндөй документтерди (патент, ДМС полиси, каттоого туруу) биз өзүбүз бүткөрөбүз. А түгүл Кыргыз мигранттарын бекер кийим-кече менен камсыз этип, анан дагы буларга акысыз турак жай тартуулайбыз. Эки айда бир жолу маяна (45 760 рубль) төлөйбүз. Эгерде мигрант планды ашыкча аткарса, сыйлык иретинде кошумча дагы акы төлөнөт. Өз Мекенине кайтып, эмгек өргүүсүн ошол жакта өткөрүүсүнө деле өбөлгө жаратабыз.

         Баса, Кыргыз республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн “Бош орундар жармаңкеси” саамалыгын өлкөбүздүн башка аймактарына дагы кеңири жайылтсак, куп гана жарашчудай. Алар деле жамбаштап жатпастан, же кол куушуруп гана олтурбастан, кара-суулук кесиптештерине окшоп ичтен жана сырттан колдоочуларды — инвесторлорду тапканды өздөштүрүшсө, мындан өлкөбүздүн экономикасы дагы кыйла оожалмак…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

         СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Коммуна ДЖАКИШОВА, Кара-Суу районундагы №59-кесиптик лицейдин директору. 2) Гүлжамал ҮРКҮНБАЕВА, “Данида” коомдук фондунун төрайымы. 3) Ашырали КЫПЧАКБАЕВ, ажы, “Ыйык жол — Азамат” автомектебинин мугалими. 4) Айгүл КУЛАНОВА, Кара-Суу районунун  акиминин орун басары. 5), 6) Бердибек АСАНОВ, Кыргыз республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы. 7) Аббас АББАСОВ, Орусиянын “ЮНИКОМ” кадар агенттигинин президенти. 8), 9), 10), 11), 12), 13), 14), 15), 16), 17), 18). 19), 20), 21) Кара-Суудагы “Бош орундар жармаңкесинен” сүртүмдөр.

         Сүрөттөр автордуку

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс