Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына караштуу Бишкек шаарындагы “Имам Сарахси” атындагы борбордук мечити республикабыздын мектеп окуучулары үчүн жайкы каникулду көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүсү үчүн июнь, июль жана август айларында атайын лагерлерди уюштурууда.
Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар диний сабактарды окушуп, Куранды, араб тилин, хадистерди, намазды үйрөнө алышат. Ошондой эле балдар, кыздар адептүүлүк боюнча атайын сабактарды окушуп, спорттук оюндар менен да машыга алышат.
Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү – 264. Телефондор: 0505-286 818; 0771-129 000.