• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

АЛДЫГА ТУРУП ЭМЕС, АРТЫБЫЗГА «ЖАШЫНГАН» ГОССЕКРЕТАРЬ КЕРЕКПИ?

Автор:ruh_admin

Май 21, 2022

Жаңы Баш мыйзамга мамлекеттик катчы дегенди киргиздик. Ниетибизде улуттук идеологиябызды жандандыралы, бекемдейли деп. Анан эмне болду? Анан эч нерсе болгон жок. Болгону демогогиянын жыты гана уруп атат…

Ана карайлы, Жаңы Баш мыйзам боюнча жаңы мамкатчы дайындалып, бирок, келгенинен кеткени тез болду. Болгону ал «экс» тууралуу коомчулукта эсте калганы Эл жазуучусу деген олчойгон наамды алганга үлгүрүп кеткени болду. (Жалгыз «жомок» китеби үчүн мындай вазийпага ээ болгон бизде эле болуш керек.) Ошону менен бүттү… Аныбыз президентке акыл кошчу болуп жүрөт азыр.
Андан кийинки дайындалган дагы бир байкебизден дээрлик дайын жок.Тескерисинче, башкы идеолог деген согуш талаасында артындагыларды алдыга үндөп ар бир жоокерге дем, дух берген политруктай эле жалпы коомчулукту, анын ичинде башкы командачынын колуна кол, бутуна бут болуп берип турушу керек эле!!!
Биз билгенден азыркы мамкатчы мамлекеттик идеология тууралуу мээ катыргандын ордуна аш-тойлордо «тамада» болуп, уча жеп, убактысынын дээрлигин ошондой жакка жумшап жаткандай… Болбосо акыркы учурларда, именно идеологияга байланыштуу не деген гана ызы-чууга баткан окуялар болду. Ошол эле «Манас» тууралуу, «мектептеги окуу мөөнөтүн 12 жылга узартабыз» деген сыяктуу жана, жана башка дагы толтура. Андай учурларда «акыр-чикирдин» баары президенттин дарегине куюлуп жатты. (азыр деле куюлуп жатат) Идеологияга байланышкан ушундай чуулуу кырдаалда абалды жөнгө салып, маяктай жанып алдыда мамкатчы турушу керек эле! Башкы генератору болуп туруш керек эле! Бул анын түздөн-түз милдети! А, Мамкатчыдан болсо ныпым үн жок. «Абал» калыңдап баратканда президент өзү чыкты, чыгып да жатат.
Госсекратарь Касманбетов Сүйүнбек Сапарбекович агай таарынбасын, жогоркудай көп кырдаалда ал киши АЛДЫДА ТУРУП ЭМЕС, дайыма президенттин АРТЫНА ЖАШЫНЫП келет. Анан бизге ушундай госсекретарь керекпи? Же бул мааниси терең кызмат Сүйүнбек Сапарбековичтин ар кимдерден чакыруу кагазын алып, аш-тойлордо «тайраңдап» жүрсүн деп түзүлгөнбү? Эми ушундан улам өзүңүздөр деле ойлоп көргүлөчү, аргазыздан салыштыралы, сатуучу саксафондо, кесиби агроном габойдо, бухгалтер виолончелиде, экономист литаврда ойноп жатса, ошол оркестрден жакшы музыка жаралабы? Албетте, жок!!! Мамлекеттик катчылык инстутунда да азыр кудум ушундай эле абал!
Баарыбыз эле билебиз Мамлекеттик катчы деген мамлекетибиз үчүн жоопту, өтө жооптуу кызмат. Кезинде бул кызматты эгемендүү тарыхыбызда кимдер гана аркалабаган. Алардын ичинен эң мыктысы, өзүнүн профессионалдуулугу менен айырмаланган Ишенбай Абдуразаков агайыбыз болгон. Ал кишини чыныгы мамлекеттик катчы,Эпоха десек да болот. Андан кийинки Накен Касиев деле өзүнүн тыкандыгы, милдетин так аткара алгандыгы менен эсте калды. Андан кийин келген Осмонакун Ибраимов интеллектуалдык дараметинин кенендиги менен көп иштерди жасаганга жетишти. Мамлекет башчысынын идеологиялык саясатын жүргүзүүдө тартынбастан дайыма алдыңкы катарда жүрдү. Андагы Акаев мисалы Нарын же Ош тууралуу бүгүн Жарлык чыгарса Осмонакун Ибраимович эртеси ошол чөлкөмдө болуп аны турмушка ашырууга чын дили менен иштеп берди. Албетте кемчилиги болду. Бирок, пенде болгондон кийин баарыбыз кемчилик кетиребиз. Ошон үчүн пендебиз.Ошентсе да айрымдарыбыз курулай эле ич күйдүлүк кыла бербей бул инсандын ой чабыты терең, кругозору аябай эле кенен экенин арданбай эле мойунга алганыбыз эп. Осмонакун Ибраимовдон кийин бу кызматка келген аксакал Дастан Сарыгыгулов өзүнүн «стилине» салып, ар бир кирпичти дыкаттык менен кынаптап койгон куруучудай ишин баштаганы менен ал кездеги Ак үй админстрациясындагы көзүрлөрдүн ажого «ар нерселерди» шыбырай бергенинен улам көп узабай кызматынан кеткен. Андан кийинки Адахан Мадумаров өзүнүн боюнан да чоң максаттарды коюп алып, ошонун айынан ал да кетти. Кийинки мамкатчы Нур уулу Досбол даамдуу, кооз сүйлөгөнү менен ушундай сыпайгерчилиги өз башына муш болуп бул кызматтын маанисин, өзөгүн О.Малеванаяга тартырып жиберди. Мамкатчылык инстиутту ошо менен «оомийин» болду. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, Малеваная түзгөн секретариат андагы ажо К.Бакиевдин кызматтан оодарылышына кедергисин укмуштай эле тийгизди. Себеби, Малеванаянын командасынын «өтүктөрүн төргө илип алган» иштери коомчулуктун бийликке карата нааразычылыктардын жаралышынын бирден-бир себеби болуп берди. Эң «хохмасы», ошол эле командадагылардын дээрлиги эпчилдик менен жаңы бийликтин короосуна кирип, көп өтпөй майлуу кызматтардын ээлеринен болуп чыга келишти. Андагы президент Атамбаевдин «трагедиясы» так ушунда болду. Деги эле эгемендиктин тарыхында Алмазбек Шаршенович өзү тандап, өзү өстүргөн кадрларынын саткындыгынан азап чеккен, орусча айтканда единственный президент ошо киши болуп калды. «Саткын» десек эле далайыбыз Сооронбай Жээнбековду эстеп, ал кишинин башына болгон «боткону» төгүп атпайбызбы. Чындап келгенде ЖСШнын бийликке келишине жана бийликтен кетишине ириде анын айланасындагы эң жакын, жедеп ашынган авантюрист, интригандар башкы себепкерлери болуп, ошолордун «жертвасы» болуп кетти. (бул пикир бир тобуна жакпаар, бирок ушундай)
Сөз соңунда, жалпылап айтканда, эгер тунук ой менен карай турган болсок, азыр жер бетинде буга чейин ажыдаардай сугунчу түрү болгон ааламдаштыруу деген саясат өз алапайын таппай турат, азыр.Тескерисинче, бүт дүйнө, андагы түптүү улуттар жашаган мамлекеттер, майда дагы, улуу дагы державалар баш болуп эң ириде мамлекеттик идеологиясын бекемдеп, аны элинин аң сезимине калыптандырууга болгон аракетин күчөтө башташты. Себеби, бүгүнкү планетабыздагы абал ошол бир мамлекетти ал өлкөнүн миллиарддаган акчасы же башка бир байлыгы эмес идеологиясы сактап калаарын түшүнгөнүндө болуп жатат!!! Россия-Украина тирешининин башкы себептеринин бирден бири да ушунда. Ал тиреште азуусу узун эки державанын ортосунда идея менен идеологиянын кармашы жүрүүдө.
Негизи эле кайсы гана Эл болбосун анын бакыбаттуулугу Рухунун бекемдигинде. Мунун башкы рупору күчтүү Идеологияда! Руху бош же тайыз мамлекектти эч ким тоготпойт. Ачуу айтканда андайлар ар кимдин “кулу” болот. Кулга болсо баары бир, эптеп курсагы тойсо болду…
Кыскасы, айтаар ойдун өзөгү- мыкты Рухий идеология болмоюн кандай өлкө болсо да «ити чөп жеши» кыйын. Ушуну эртерээк түшүнсөк болот эле…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс