БАТКЕН. Кызыл-Кыя шаарындагы көмүр шахтасында бир адам каза тапты. Бул жөнүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында 1988-жылы туулган Т.Ө. аттуу эркек адам газга ууланып, шахтанын ичинде топтолгон сууга түшүп каза тапкан.
Кырсык баскан жерге 5 куткаруучу тартылып, каза тапкан адамдын жансыз денесин шазтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.