• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ИНДИЯЛЫК КОМПАНИЯ КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАСЫНА 200 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ИНВЕСТИЦИЯЛАЙТ

Автор:ruh_admin

Май 20, 2022

ОШ. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов индиялык  инвестор Исхан Шарма менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан ары өз ара тыгыз кызматташуу, Ош облусунун аймагына гигиеналык каражаттарды куруучу ишкана куруу, ошондой эле туризм тармагындагы курулуштарды дагы тикелөө жаатында кенен-чонон сүйлөшүлдү. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов облус аймагында аталган долбоорлорду жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экендигин ачыктап, завод жана беш жылдыздуу мейманканага ылайыктуу жер бар экендигин дагы кошумчалады. Буга улай облус бийлиги инвесторлор үчүн заманбап зарыл шарттарды жаратуу жана дайыма колдоого даяр экендигин убадалады.  Ачык-айкын сүйлөшүүдөн кийин индиялык  инвестор Исхан Исхан Шарма Ош облусунун аймагындагы гигиеналык каражаттарды чыгаруучу завод жана 5 жылдыздуу мейманкана курууга мүмкүнчүлүк бар жер аянттары менен дагы кеңири таанышты.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Исхан Шарма — Гонконгдо, АКШ жана башка өлкөлөрдө жайгашкан Исхан компаниялар тобунун башкы директору Ракеш Кумар Шарманын уулу. Компания гигиеналык буюмдар, токулган эмес материалдар, кыймылсыз мүлк, билим берүү тармактары менен алектенет жана 360 миллион доллардын дүң жүгүртүүсү бар. Кыргызстандын Индиядагы Элчилигинин маалыматына караганда, Исхан Групп жакынкы төртбеш жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасына 200 миллион АКШ долларын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс