• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

 Э. БАЙСАЛОВ БАТКЕНДИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор:ruh_admin

Май 20, 2022

БАТКЕН. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна сапарлап, аймактагы бир катар орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жеринде жолугушту.

Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Эдил Байсалов адегенде Баткен шаарындагы жогорку класстын окуучулары менен бетме-бет баарлашты. Ошондой эле Тажикстандын Ворух анклавына жанаша жайланышкан Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы мектепке дагы баш бакты. Атайын жолугушуулардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө өтөт кеңири токтолуп, ушул тапта заманбап суроо-талапка ээ жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүгүнө дагы баса токтолуп, жогорку окуу жайларына тапшырууда адистикти туура тандоо боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушуунун катышуучулары Баткен облусундагы агартуу жаатындагы олуттуу көйгөйлөр, жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу, чек арага жакын аймактардагы бүтүрүүчүлөр үчүн атайын бюджеттик орундарды бөлүп берүү жана облустагы кадр жетишсиздигин чечүү боюнча суроолорун дагы узатышты. Ошентип, узатылган бардык соблдор боюнча министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдон, жолугушууга катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн кеңири жоопторду жана дагы бир катар түшүндүрмөлөрдү  кошо угушту.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс