• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА “ХИЗБ УТ-ТАХРИР” УЮМУНУН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАНА АКТИВДҮҮ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Май 19, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун көмүскө ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын маалыматына караганда, Кербен шаарында Кылмыш-Жаза Кодексинин 331-беренеси («Экстремисттик уюмдарды түзүү жана каржылоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун төрт лидери жана сегиз активдүү мүчөсү кармалышты. Анткени, буга дейре экстремисттик маанайдагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынган эле. Ага караганда, кармалгандар экстремисттик идеологияны аймакта кеңири тжайылтуу максатында диний сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүшүп, а түгүл социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды кеңири таратышкан. Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын тергөө абагына дароо киргизилишти.

Баса, 2003-жылдан бери Кыргызстандын аймагында экстремисттик, же террористтик деп табылган 21 диний уюмдун ишмердүүлүгүнө мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Алардын арасында “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшул Махди”, “Ансару-л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами”, “Жихад тобу”, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” жана башка эл аралык экстремисттик уюмдар бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс