• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Сапар Исаковдун президент болом дегени түш…

Автор:ruh_admin

Май 16, 2022
Сапар Исаков президент болом деп жатыптыр. Анткени менен, анын мамлекеттик кызматта тургандагы жеп-ичкендерин эл унута элек. Кайсы кылган эмгеги үчүн аны эл баалайт? Өзүн көкөлөтө мактатып, пиар кылып, ошол эле убакта бюджеттин, элдин эсебинен жегени үчүнбү?
“Сапар Исаков президент болом деп атыптыр” деген имишти уккан эл соцтармактарда нааразылыктарын жазып, четке түкүрүп атат. Кыргызстанды жок кылгысы келген шумпай Кыргызстанга жакын жолобосун – дейт кыргызстандыктар.
“Россия 37 миллион доллар берген болчу, ГЭС кургула деп. Анда премьер-министр Сапар Исаков, президент Алмаз Атамбаев эле. Бул экөө ал акчаларды алып, ГЭС эмес, даараткана курган эмес, изи жок жоголгон. 37 млн доллар Кыргызстандын жана кыргыз элдин мойнуна карыз болуп калган. Ушу далил боюнча кылмыш ачыш керек”.
“Сапар Исаковду эл шайласа, президент болобу! Биринчи өлкөгө келип алып жооп берсин акталса, анан шайлоо болгондо, шайлоого катышсын, ошондо дагы ойлонобуз көрөбүз” .
“Сапар Исаков убагында элди куруткан. Эсиңерде болсо, Сапар Исаков Президент Атамбаевдин Астанага жасай турган иш сапарын үзгүлтүккө учуратып, ТИМ министрин жек көргөзгөн. Ушундай жол менен Бакиевдин референти бүгүн Атамбаевдин тышкы саясатын тейлеп, оң колуна айланган. Сапар жөн эле жымырып алгандарын аш кылып тынч отурсун!” Бул соцтармактагы карапайын жарандардын пикирлери.
Ырас, Сапар Исаковдун былыктары ТЭЦтеги авариядан улам чыгып, көптөгөн коррупциялык былыктар билинип баштаган. Башкасын айтпайлы, тышкы саясат боюнча бөлүмдүн башчысы болуп турганда «Газпром-Кыргызстан» нефтегаз комплексинин кыргыз филиалынын директорлор советине кирген. Ошол убакта анын чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын коргогону үчүн маянасы канча болгонун билесиңерби? 10 миң АКШ доллары. Ай сайын 10 миң доллар! А чындыгында мамлекеттик бийликтин өкүлү чет элдик компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болуугу укугу бар беле? – деген суроо жаралат.
Атамбаев менен Сапар Исаков Кыргызстандын аскердик төрт самолетун Сомалиге ижарага берип жибере жаздаганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев маселени кабыргасынан койбогондо, ал самолеттер кайтып келиши күмөн эле. Ижара дегени менен анын келишимин эч ким көргөн эмес, кайсы бир маалымат булактарына караганда, самолеттун ижарасы үчүн акча мамлекеттин бюджетине эмес, чет өлкөдөгү офшордук эсептердин бирине которулган. Башкы прокуратура макулдашуу мыйзамсыз болгондугун тааныганы менен, сары бала Генштабдан башкы командачынын буйругуна баш ийүүнү талап кылган…
Айта берсе, мунун кылыктары дагы, былыктары дагы көп. Бул чети гана….
Тарых музейдеги 14 миң евролук аттар, даанасы 1137 евролук таякчалар, экспонаттар… 600 долларлык аттиш… Президент болгонду коюп, булардын баарысына сары бала жооп берсинчи.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс