КАФЕНИН ЭЭСИНЕ АЙЫП ПУЛ ГАНА САЛЫНДЫ.
БАТКЕН. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында тамакка уулангандардын саны 32 адамды чапчыды. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, уулангандардын 11и ушул тапта Сүлүктү шаарындагы оорукананын инфекциялык бөлүмүндө дарыланып жатышат. Дагы 21и үйүндө эле дарыланышууда. Доктурлар жапа чеккендердин абалын орточо оор деп баалашууда. Баса, тамакка уулангандарлын баары тең ушул жылдын 8-майында Сүлүктүдөгү “Рахат” кафесинде 180 конок чакырылган кыз узатуу тоюна катышкандыгы аныкталды.
“Рахат” кафесинде санитардык-гигиеналык дыкаат текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада ээсине 15 миң сом айып пул салынды. Баса, аталган коомдук тамактануучу жайда адамдар буга чейин деле ууланган фактылар катталган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөтү автордуку.