• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ОШТУК АКТИВИСТТЕР КАЗИНОГО КАРШЫ

Автор:ruh_admin

Май 13, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы нааразычылык акциясына шаардагы он чакты жарандык активист катышышты. Булар колдоруна “Ош казиного каршы!” деген баракчаларды кармап турушту.

Баса, Жогорку Кеңеш чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Эми кумарканаларды юридикалык жактар, мунун ичинде чет өлкөлүктөр дагы ача алышат. Болгону ага Кыргыз жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө гана кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 миллард сомдон ашык, 2024-жылы 2 миллиард сомдон ашык каражат түшөт.

2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, ал талаш-тартыштардан кийин артка кайтарылган эле.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында ачууну сунуш эткен. Өлкөбүздө кумар оюндарына мындан он жыл мурда мыйзам менен таптакыр тыюу салынган. Ошентип, буга улай 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши дагы токтотулган. Бирок, кумарканалар тымызын иштеп жаткандыгы буга чейин далай ирет айтылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс