ОШ. Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама автоунаасы менен эң алыскы Алайкуу Айыл Өкмөтүнүн кыштактарын чекесинен кыдырып, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөттү.
Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган иш-чаранын жүрүшүндө түнкү маалда мал жандыктарды жол жээгинде жана башка жактарда кароосуз калтырбоо, мал уурулуктардын алдын алуу, айдоочулар арасында жол эрежелерин бекем сактоо, мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдарды өткөрүү, же мыйзамдаштыруу жана сактоо эрежелерин бузбоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана жашы жете электерге карата кылмыштардын алдын алуу, аймактарда иштеп жатышкан милициянын көчмө кабылдамалары боюнча элге кеңири маалымат берүү максатында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Мындан тышкары Кыргыз Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы тууралуу маалыматтар жеткирилип, жарандарга юридикалык кеңештер дагы берилүүдө. Ушул өңдөнгөн профилактикалык иш-чаралар Ош облусунун бардык аймактарында дагыле улантылууда.
Ошентип, жыл башынан бери Кара-Кулжа РИИБсынын көчмө кабылдама автоунаасы 89 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 110 жарандын арыз-даттанууларын алышкан. Бир катар арыздарда социалдык маселелер козголгондуктан, баары тең тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөтү автордуку.