• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

Максимсиз Максим доору

Автор:ruh_admin

Май 13, 2022

Ширшов коррупциялык схемалар боюнча мастер. Ошого аны эң жогорку деңгээлде кабыл алышып, эч кылмыш иши жок деп акташып, “талантын” пайдаланууну көздөп калышкандай.

Ширшовдун мурунку шоопурунун кайдан-жайдан пайда болуп, Санариптештирүү министри болуп калышынын себеби тереңде жана алысты көздөгөн экен. Ошондо эле баары Ширшов менен сүйлөшүлүп, кандай схемалар иштери чечилген бейим.
Мына эми Мегаком, Кыргызтелеком, Дастан сыяктуу кирешелүү компаниялардын акциялары Ширшовдун шоопуру жетектеген министрликке өткөрүлүп берилип, “темир кызуусунда согула” турган болууда.
Эмнеге шашып, аптыгып жатышат? Акконит министрликтен түшсөм эле өлкөдөн чыгып кетем деп ачык айткандай, калгандардын да ошондой ою барбы?
Экинчи жагынан Баткенде район, шаарлар ортосуна постторду коюп, таламандын тал тушунда жүк ташыган автоунаалардан 1000 доллардан пара алып жатканы эмне деген шумдук?
Акча жасоо абдан күчүнө кирип, араандар ачылып баратат.
Максимсиз Максимдин доору “нагло” гүлдөй баштады…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс