ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында акыркы күндөрдө нөшөрлөп төккөн жаандын кесепетинен катуу сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрдө катуу жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырым аралыктарында сел жүрүп, натыйжада Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк Айыл Өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман Айыл Өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген. Булардын арасынан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 8 турак үйдүн короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борборунун короолорун каптаган.
Ушул тапта жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигиндеги ыкчам топ, Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Кара-Суу районунан 16 куткаруучу, РӨКОдон 27 куткаруучу 3 мотопомпа менен, Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпа менен, №21 ЖТИден 1 грейдер жана Айыл Өкмөтүнөн 1 экскаватор тартылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөтү автордуку.