БАТКЕН. Мамлекеттик Бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен чоггуу-чараан кальян үчүн аткезчилик жол менен тамекинин ири партиясын ташып келүүнү токтотушту.
Баса аталган аткезчилик товар Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унаадан табылган. Сунуш этилген эсеп-фактурага ылайык, унаалар трикотаж кездемелерди ташыган. Бирок, бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө түрк өндүрүшүнөн чыккан Serbetli кальян тамекиси табылып олтурат. Жүктүн жалпы салмагы 28 миң 848 килону түздү. Алдын ала жалпы чыгым 40 миллион сомдон ашат.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Башка декларацияланбаган товарларды аныктоо боюнча дагы тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөтү автордуку.