• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ КАЙРАДАН ШАЙЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Май 6, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы ишин жыйынтыктады. Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагалыгына «Жаштар», «Ынтымак» жана «Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракцияларынан жалгыз талапкер – Сагынбек Кудайбердиев көрсөтүлдү.

Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин 30 депутаты тең катышты. Булардын бардыгы Сагынбек Кудайбердиевдин талапкерлиги үчүн добуш беришти. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык ал Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагалыгына кайрадан шайланды. Баса, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоо жүргөн. Ал эми 14-апрель күнү  Аксы жана Таш-Көмүр АШК Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жыйынтыгын бекитти. Ошентип, Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үч партия утушка жетишти: «Жаштар» -14 мандатка, «Ата-Журт Кыргызстан» — 12 мандатка, «Ынтымак» — 5 мандатка татыды.

Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин төрагалыгына кайрадан Сагынбек Кудайбердиев 1985-жылы 23-июлда туулган. Билими – жогорку, Кыргызстан эл аралык университетинин “юриспруденция” адистигине татыган. Ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “экономика жана аудит” адистигин дагы бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 2019-жылдан тартып азыркы кезге чейин Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс